Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңеш шайлоо системасын өзгөрткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңеш шайлоо системасын өзгөрткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Жыйында мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча кызуу талкуу болду. Балбак Түлөбаев партиялар үчүн 9 млн, талапкерлер үчүн 300 миң сом күрөө көп экенин айтып, азайтууну сунуштады. Улукбек Ормонов учурдагы шайлоо системасын сактап калуу керектигин, сунушталган долбоор партиялык системаны жок кыларын белгилесе, Эмил Токтошев бир мандаттуу округдарда кайра шайлоону жокко чыгаруу зарылдыгын көтөрдү.

Арсланбек Эгембердиев гендердик квота көп добуш алган эркектерге карата адилетсиздик экенин айтты.

Соңунда 79 депутат “макул”, 1 депутат “каршы” деген добуш беришти. Мыйзам долбоору боюнча, 30 округ түзүлүп, ар биринен 3 депутат шайланат. 90 мандаттын 30у аялдар үчүн квота катары сакталат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар