Кыргызстандын жаңы гимнинин сынагына Маданият министрлигине 564 эмгек келип түшкөн. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришкен.
Февраль айынын башында сынак жарыялангандан бери 388 жарандан 564 иш келип түшкөн. Конкурстук талаптарга жооп берген 91 долбоор катталган. Маданият министрлигинен кабарлашкандай, сынакка атүгүл чет элдик жарандардан да сунуштар түшүүдө.
Сынак 20-мартка чейин уланат. Андан соң иш ведомстволор аралык комиссияга өткөрүлүп берилет. Ал эми жеңүүчүнү Жогорку Кеңеш аныктайт. Сынактын беш катышуучусу сыйлыкка ээ болору күтүлүүдө: экөө кызыктыруучу сыйлык, үчөө акчалай сыйлык алат

