Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек – Ош жолунда жаңы камералар ишке кирди

Бишкек – Ош жолунда жаңы камералар ишке кирди

Бишкек — Ош жолунда эреже бузууларды аныктаган камералар иштей баштады. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аппараттык-программалык комплекстер аталган жолдун Чүй облусунун аймагындагы бөлүктөрүндө иштеп баштаган.
Система төмөнкү укук бузууларды аныктайт:
-Белгиленген ылдамдыктын чегинен ашыруу;
-Карама-каршы тилкеге чыгуу;
-Кызыл чыракка өтүү;
-Коопсуздук курун тагынбоо;
-Жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын аткарбоо;
-Мамлекеттик номери жок, жасалма же окулбаган абалда жүрүү;
-“Коопсуз шаардын” камераларына түшүп, төлөнбөгөн айып пулдар.
Мекеме комплекстер “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилгенин кошумчалады.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар