Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкекте ЖЭБ каналында сейилдөө аймагы курулат

Бишкекте ЖЭБ каналында сейилдөө аймагы курулат

Бишкек шаарында ЖЭБдин техникалык каналынын үстүнө көпүрө салынып, сейилдөө аймагы курулат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, тапшырманы Айбек Жунушалиев Сагымбай Манасчы көчөсүндөгү иштерди текшерүү учурунда берген.

Учурда “Жасмин”, “Веранда” жана “Малик” тамактануучу жайларын алуу иштери жүрүп жатат. Алардын ордуна коопсуз сейилдөөчү аймак уюштурулат.

Бүгүнкү күнгө чейин 11 объект бузулду: 4 капиталдык курулуш, 6 жеңил типтеги объект жана 1 гараж.

Жыл башынан бери жалпысынан 1 744 объект бузулуп, 61 901 чарчы метр муниципалдык жер бошотулган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар