12-июлдагы Вонсан шаарындагы жолугушуулардан кийин Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Түндүк Корея Украинадагы согушка аскер жөнөтүшү мүмкүн экенин кыйытты.
Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Лавров Ким Чен Ындын демилгеси менен Түндүк Корея аскерлери Курск облусуна келгени тууралуу: «Москвада мындай чын ыкластуу тилектештиктен баш тартууга себеп болгон жок», — деп билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылдын июнунда кол коюлган стратегиялык өнөктөштүк келишими тараптарга бири-бирине аскердик жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Буга чейин Түштүк Кореянын депутаттары КНДР жакынкы айларда Украинага аскер жөнөтүшү мүмкүн экенин эскерткен. Ал арада РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу июнь айында эки жолу Пхеньянга барган.

