Башкы беткеЖогорку КеңешТашиев Тажикстандан Кыргызстанга өткөн Кайрагач участогун толук көрсөтүп берди

Ташиев Тажикстандан Кыргызстанга өткөн Кайрагач участогун толук көрсөтүп берди

«Кайрагач тажиктердин жери болуп, ал жакта тажик тараптын заставасы бар болчу. Бул жерде 10дон ашык үй бар эле, ал үйлөрдө жалаң кыргыздар жашачу. Бирок тажиктер заставадан келип, бул жерлерди толук карап турушкан. Мурда «Лейлек» деген жазуу азыркы Кайрагач постунун жанында болчу. Эми пост ошол жазуу турган жерден 1 600 метр ылдый жылдырылды. Тажиктердин «Кайрагач» өткөрмө пункту да бизде калды. Эми алар өздөрүнүн аймагына жаңысын курат. Кайрагач маанилүү жер, суу келет», — деген Ташиев.

Картада көк менен белгиленгени тажик тараптан Кыргызстанга өткөн жерлер.

Эске салсак, Тажикстан менен чек араны такташууда Лейлек районунан Тажикстанга 190 гектар берилип, кайра 190 гектар жер алынган. Тажикстандын Кайрагач участогунан Кыргызстанга 155 гектар жер жана Кайрагач анклавынын 35 гектар жери (анклав жоюлду) алынган.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар