whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАк илбирс — Кыргызстандын улуттук символу болуп бекитилди

Ак илбирс — Кыргызстандын улуттук символу болуп бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ак илбирсти өлкөнүн улуттук символу деп таануу жөнүндө токтом кабыл алды. Тийиштүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомдо ак илбирстин расмий логотиби бекитилип, аны колдонуу тартиби да аныкталды.

Бул чечим Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 29-декабрындагы № 369 «Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Демилге Кыргызстандын жаратылыш жана маданий мурастарын сактоо, коргоо жана даңазалоого багытталган.

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине ак илбирстердин популяциясын жана жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тапшырылды.

Ошондой эле бардык мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга менчигинин түрүнө карабастан бул токтомду жетекчиликке алуу көрсөтмөсү берилди.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар