АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын лидери Владимир Путин менен жолугушуусун мамлекеттик катчы Марко Рубионун таасири астында жокко чыгарган. Бул тууралуу польшалык журналист жана Вроцлав университетинин эл аралык мамилелер боюнча адиси Магдалена Гурницкая-Партыка РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.
«Биринчи кезекте Марко Рубионун ролун белгилөө керек. Ал Трамптын кадыр-баркын сактап калды. Эгер Трамп Будапештте Путин менен жолугуп, бирок максатына жетпей калса, “тынчтык президенти” катары чоң саясий жоготууга учурамак. Рубио дал ушуну ойлоду», — деди журналист.
Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио да бул маселе боюнча үн катып, Вашингтон Москва менен диалогдон толугу менен баш тартпай турганын айтты.
«Биз орустар менен жолугуу оюнан кайткан жокпуз», — деди Рубио.
Эскерте кетсек, өткөн жумада АКШ жана Россия президенттери телефондон 2,5 саат сүйлөшүп, Венгрияда жолугушууну пландашкан. Бирок шаршемби күнү Дональд Трамп жолугушуу өтпөй турганын, анткени тараптар тийиштүү натыйжага жетпей калышы мүмкүн экенин билдирген. Ошол эле учурда ал Украина маселесин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин белгилеген.

