Башкы беткеМаанилүүЕАӨБ - Кыргызстандын экономикалык өсүш лидерлигин аныктады

ЕАӨБ — Кыргызстандын экономикалык өсүш лидерлигин аныктады

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Борбор Азия жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн макроэкономикалык абалы боюнча жаңы отчетун жарыялады. Анда Кыргызстан 2025-жылы да эң жогорку өсүү темпин сактап каларын белгилешти.

Банк маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) 11%га өскөн. Өсүштүн негизги факторлору — инвестициялардын жогорулашы (+20%), курулуш тармагынын кеңейиши (+35%) жана ички керектөөнүн активдүүлүгү. Ошондой эле чекене соода 20%, ал эми мейманкана жана ресторан кызматтарынын көлөмү 25%га көбөйгөн.

Адистердин айтымында, алдыдагы жылы кошумча импульс иштетүүчү өнөр жай тарабынан берилет. Ошол эле учурда инфляциянын деңгээли белгиленген максаттуу чектин ичинде калаары күтүлүүдө.

«Дүйнөлүк азык-түлүк рыногунан келип жаткан баанын өсүшү ички керектөөнүн басаңдашы менен тең салмакталат. Инфляция туруктуу сакталып, негизги эсептик ченди нейтралдуу деңгээлге кайтарууга шарт түзөт. Биздин божомол боюнча, ал 2025-жылдын аягында 9,25% деңгээлинде болот», — деп билдиришти ЕАБРден.

Эксперттердин жыйынтыгында, Кыргызстан Борбор Азиядагы экономикалык өсүш боюнча лидерлигин сактап калууда. Ал эми Казакстанда мунай экспортуна түшкөн кирешенин азайышы байкалса, Беларуста айыл чарба жанданып, экономика оң нукта өнүгүүдө.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар