whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАлдамчылыкка арачы болчу идея барбы?

Алдамчылыкка арачы болчу идея барбы?

Биз, кыргыздар, качан да болсо, “Улуу элбиз, нурдан жаралганбыз, кыйын элбиз” деп ыгы келсе да, ыгы келбесе да, айткандан эч тартынбайбыз. Албетте, элибиздин байыркы эл экендигинде, акылмандыгында, айкөлдүгүндө жана баатырлык салтында эч маселе жок. Бирок, күнүмдүк турмушта айрымдарыбыз улуу элдин уулдары жасабай турган жоруктарды жасап жатканыбызды көрүп, кадимкидей бармак тиштейсиң. Көңүл иренжиткен нерселерди көрүп, “Кандай эл болуп баратабыз?” деп кейийсиң.

Жакында социалдык түйүндө мектеп окуучулары бир окуучуну даараткананын бир бурчуна такап, каалагандай уруп-согуп, тепкилеп жаткан видео тарады. Окуя Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы №93 мектептин 6-классынын окуучуларынын арасында болгону белгилүү болуп, Ленин РИИБнин кызматкерлери окуянын чоо-жайын, күнөөлүүлөрдү териштирип жатат.

Мындай кесепет окуя биринчи эле болуп жаткан жок. Ал жалгыз эле №93 мектепке мүнөздүү эмес. Окуучулар бири-бирин ортого алып шылдыңдап, ургулап-соккулап, чачташкан окуялар дээрлик ар бир мектепте, ар бир класста бар. 1990-жылдардан мектеп турмушун кара тумандай каптаган мектеп рэкетинин салдары азыр да жок эмес. Азыр эркек балдар эмес, кыз балдар мушташы эрөөн болбой калды. Болгондо укмуштуудай мыкаачылык менен мушташкан видеолорду көргөндө жүрөгүң оозуңа тыгылат. Булар эртең кандай жубай, кандай эне болот деп ойлойсуң. Биз, кыргыздар бир эл, бир журт болсок, эмнеге бири-бирибизге душман жасабас мыкаачылык менен мамиле кылабыз дегендин жообун таппайсың.

Демек, буга балдар өзү жеке күнөөлүү эмес, ага баарыбыз кошумча экендигибиз, улут катары, эл катары өзүбүздү таанып, ошол сезимди кан-жаныбызга сиңире албаганыбыз себеп эмеспи деген ой кетет.

Анда улут катары, эл катары өксүктүн себептерин иликтегенге аракет кылып көрөлү. Жакында УКМК тарабынан бейтаптарга акысыз негиздеги медициналык кызмат көрсөтүү жана жасалган операциядан 2000 сомдон 20 миң сомго чейин системалуу түрдө алып келген Улуттук онкология жана гематология борборунун врачы кармалды.

Ушул окуядан көп өтпөй, атайын кызмат тарабынан ошол эле Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы (А.Т.) ушул эле бөлүмдүн дарыгери (А.Х.) жана улук медайым (К.А.) кармалып, аларга дары-дармектерди системалуу түрдө эсептен чыгарып, онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатып турган деген айып тагылды.

Эми онкологиялык оору деген эмне экенин баарыбыз түшүнөбүз, билебиз. Мына ушул өлүм менен өмүрдүн ортосунда алдастап, жашоонун ар бир күнү акчадан да кымбат адамдардан акча алууга кандай адам батына алат? Бул биздин адамдардын мыкаачылыгыбы, акча дегенде адамдык кейиптен кеткен ачкөздүгүбү, муну кантип түшүндүрө алабыз?  Муну кылмыш деп атап коюу да жеңил, бул кесепет. Бул да болсо, эл катары, улут катары калыптана электигибиздин бир көрүнүшү.

Айрым элдер бар, океандын ары жагында туруп, океандын берки бетиндеги мекендешине жардамга кол сунат. Жадагалса, башка элдин мыйзамдарын бузган мекендештерин, улутташтарын да актап, жүрөгүнө калкалап калат го. Бизде кандай, жашоо-тириликтин айынан сыртта жүргөн мекендештерибиз башка элдерге караганда өзүбүздүкүлөрдөн көбүрөөк жабыр тартат. Москвадагы кыргыз мигранттар бирикмесинин төрагасы Руслан Эшимов өз мекендештерине карата кылмыш жасаган кыргыздар көп экенин, бири-бири менен бычакташуу, алдамчылык фактылары көп кездеше турганын билдиргени да көп нерседен кабарлап турат.

Бизде жөн жерден эле тийиштик кылып, чогоолдугун көрсөтүп, бирөөнүн төбөсүн жарып салуу кадыресе эле көрүнүш. Буга өткөн жылдын декабрындагы “Нават” чайханасындагы окуяны мисал келтирсек болот. Алиаскар (аты өзгөртүлдү) азамат буюртма берген тамагын алып кеткени келген Даниилге эч себепсиз эле тийишип, кабыргага, бетке бир уруп, тишин сындырып, жабырлануучу жыгылып калганда, моокуму канганча тепкилеген.

Бул мектеп жашынан өтүп, капкачан токтолуп калган неменин жасаган жоругу. Анан ушундай бетке чиркөө окуялардан соң, кантип улуу элбиз деп айта аласың?!!

Эми соңку окуялардан бир мисал келтирели. MCN coin аферасы бүгүн бүтүндөй Кыргызстанды шок кылып отурат. Жүздөгөн адамдарды алдап, миллиондорун алдап алып, сызга отургузган неме “Элден 2,5 млн. доллар чогултуп, киреше таптык. Мен анча акчаны төлөп бере албайм. Үй алдым, машина алдым” деп ачык эле айтты. Бул аферада Ю.Тойчубековдун ысымы да аталып, MCN Coin  негиздөөчүсү ал кеңеш берип турганын айткан (https://kaktus.media/doc/517533_osnovatel_mcn_coin:_my_zarabotali_25_mln_no_ne_mojem_vernyt_dengi_grajdanam.html?fbclid=IwY2xjawIWhQxleHRuA2FlbQIxMQABHT0NMdJI7XbMUUqsbFGw-c6u3vgeQBEcIU77SH5uNNwT5L3fxpZcLNgrsA_aem_eMR08mpDaZM9ag6JTD9lOQ).

Мына ушунун баары бүгүнкү кыргыз коомунун чыныгы жүзү. Ушундан соң, бирибизди бирибиз алдап, сызга отургузуп жатып, улуу элбиз, нурдан жаралганбыз деп кантип айта алабыз?

Бүгүн биз “Нурдан жаралганбыз” деген жомокторду ары жылдырып, президент Садыр Жапаровдун “Улуттук нарк” тууралуу жарлыктарында, “Кыргыз жараны” концепциясында, “Уңгу жол” доктринасында айтылган нарк эрежелери тууралуу идеяны жүрөгүбүзгө түнөтүп, багыт кылып алсак, эң жаңылбас элек. Нарктуу адам нарксыз иштерге барбайт. Демек, ал MCN coinдун негиздөөчүсүнө окшоп, өз айылдаштарын, жердештерин, өз элин алдабайт. Өз классташына, өз мекендешине мыкаачылык жасабайт. Гиппократтын антын бергенин унутуп, өлүм алдында жаткан адамдан акча сурабайт. Улуттук нарк идеясынын тузу ушунда.

Улуттук нарк менен бирге “Мен кыргыз жаранымын” деген идеяны алып чыгышыбыз абзел деп ойлойбуз. Балким, нарк идеясы, кыргыз жараны идеясы баарыбыздын башыбызды бириктирип, бизди бири-бирибизге жасаган мыкаачылыктан, алдамчылыктан коргоочу күч болуп калгысы бардыр.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар