Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев өлкөнүн эл аралык резервдери тарыхта биринчи жолу 10 млрд АКШ долларынан ашканын билдирди.
Анын айтымында, алтын-валюта резервдеринин көлөмү эки орундуу көрсөткүчкө жетип, бул Кыргызстандын каржылык туруктуулугу үчүн олуттуу жетишкендик болуп саналат.
«Бүгүн биздин эл аралык резервдерибиздин көлөмү тарыхта биринчи жолу 10 млрд АКШ долларынан ашты. Бул өтө чоң жетишкендик. Ири өнүккөн өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө жакындай баштадык», — деди Улуттук банктын төрагасы.
Маалыматка ылайык, учурдагы резервдердин көлөмү өлкөнүн мамлекеттик тышкы карызынан дээрлик эки эсеге жогору. Бул абал валюта рыногун тышкы экономикалык шоктордон коргоого шарт түзүп, ошондой эле импорттук керектөөлөрдү болжол менен 9 айга чейин камсыздоого мүмкүндүк берет.
Адистердин баамында, эл аралык резервдердин өсүшү Кыргызстандын финансылык коопсуздугун бекемдеп, инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат.

