Япониянын Иватэ префектурасында эки ири токой өртү дагы деле токтобой, алардын бири шаар борборуна жакындап бара жатканы кабарланды. Учурда Оцути шаарынын калкынын төрттөн бирине жакыны 2,5 миңден ашуун тургун эвакуацияланды.
Маалыматка ылайык, биринчи өрт шаршемби күнү түшкө жакын шаардан 8 чакырым алыстыкта башталса, экинчи өрт бир нече сааттан кийин башка аймакта тутанган. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар жеринен аракет көрүп, тик учактар аркылуу абадан суу чачылып жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча, жалын 431 гектардан ашык аймакты камтып, кеминде жети имарат күйүп кеткен. Өрт чыккан аймактардагы тургундар коопсуз жерлерге көчүрүлүп, айрымдары убактылуу баш калкалоочу жайларга жайгаштырылды.
Суунун тартыштыгынан улам өрт өчүрүүчүлөр айрым жерлерде кол шаймандарын колдонууга мажбур болууда. Өрттү толук көзөмөлгө алуу боюнча иштер улантылууда.
