Ыйманы саламат болсун, Рим папасы Франциск келбесине кетти. Эми 15-20 күндөн соң кардиналдардын жабык жыйыны — конклав католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлайт. Конклав» латын тилинде cum clave («ачкыч менен) кулпуланган жабык жайдагы жашыруун кеңешмени туюнтат. Сыртынан бекитилген Сикстин капелласында жашы 80ден ашпаган 120 кардиналдын коллегиясы өтөт. Жабык добуш берүү аркылуу ичинен бирөөнү папа деп шайлашат. Шайлоонун ар бир турунда бюллетендер атайы меште өрттөлүп, гер жаңы папа шайланса капелланын морунан боз түтүн, шайланбаса кара түтүн чыгат. Шайланбаган учурда кагаз бюллетендерге атайы зат кошулуп, түтүндүн түсүн карайтат.
Конклав бир күндө бүтүшү мүмкү. Арийне, Ватикандын тарыхында конклавдар жылдап созулган учурлар да кездешет.
Тез аяктаган конклавдар:
Дароо шайланган папа. 1503-жылы октябрда Папа Юлий II конклав ачык деп жарыяланганда эле дароо шайланган. Католиктердин ыйык чиркөөсүнүн башчылыгына талапкер Жулиано делла Ровере таанымал жана таасиродү кардинал болгон, ал эми анын элдешкис душманы Чезаре Борджиа катуу ооруп, тоскоол боло алган эмес.
Бир нече сааттык конклав. Ал эми 1939-жылы мартта Ватикандын мамлекеттик катчысы Эудженио Пачелли бир нече саатта шайланып, Папа Пий XII деген ысымды алган.
2 күндүк добуш берүү. 2005-жылы апрелде Папа Бенедикт XVI (өз ысымы Йозеф Ратцингер) 2 күндө шайланган.
Жылдап созулган конклавдар:
3 жылга чукул созулган шайлоо. Папа Григорий X 1268-1271-жылдары 2 жыл 9 ай дегенде аран шайланган. Конклав Италиянын Витербо шаарында өткөн. Кардиналдар коллегиясынын француз жана италиян фракциялары бир пикирге келе алышкан эмес. Айласы куруган чиркөө кызматкерлери кардиналдарды карандай суу менен катыган нандан башка тамак бербей, араң шайлатышкан.
2 жылдан ашык уланган шайлоо. Франциянын Лион шаарында өткөн конклав (1314-1316) да Франция менен Италиянын динаятчыларынын так талашынан улам 2 жыл 3 ай созулуп, Папа Иоанна XXII араң шайланган. Бул интригалар тууралуу Мориса Дрюондун “Каргыш тийген падышалар” деген романында келиштире баяндалган.
2 жыл бою. Папа Мартина V да туура эки жылда (1415-1417) барып шайланган. Бул ирет бир нече партия так талашып, ошол конклавдан соң жаңыф шайланган чиркөө башчысы конклавдарды өткөрүүдө фракциялык талаштарга жем таштаган айрым эрежелерди өзгөртүүгө жетишкен. Ошондон тарта жылдапр созулган конклавдар кайталана элек. Бирок бир нече күнгө же айлап созулган конклавдар, католиктер ыйык деп эсептеген чиркөө ичиндеги ордо оюндары токтой элек.