Бүгүн, 6-февралда, Италияда спорт дүйнөсүндөгү эң ири мелдештердин бири — Кышкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи өтөт. Олимпиада 22-февралга чейин уланат.
Бул жолку Олимпиадада Кыргызстандын намысын эки спортчу коргойт. Алар:
-
Тимур Шакиров — тоо лыжасы боюнча,
-
Артур Сапарбеков — лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышат.
Белгилей кетсек, бир кылымдан ашуун тарыхы бар Кышкы Олимпиада оюндары алгачкы жолу бир өлкөнүн эки шаарында өткөрүлүп жатат. Мелдештер Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында уюштурулган.
Миланда негизинен жабык ареналарда өтүүчү спорт түрлөрү камтылса, Кортина-д’Ампеццодо тоо лыжасы, бобслей, чана спорту, керлинг жана биатлон боюнча таймаштар өткөрүлөт.
Олимпиадага 93 өлкөдөн 3000ге жакын спортчу катышып, жеңиш үчүн күч сынашат. Мелдештер 8 олимпиадалык спорт түрү жана 16 дисциплина боюнча уюштурулуп, жалпысынан 116 медаль ойнотулат.
Эң көп спортчу катыштырган өлкөлөр:
-
АКШ — 233 спортчу (118 эркек, 115 аял),
-
Канада — 207 спортчу (99 эркек, 108 аял),
-
Италия — 190 спортчу (100 эркек, 90 аял),
-
Германия — 184 спортчу (99 эркек, 85 аял),
-
Франция — 156 спортчу (86 эркек, 70 аял),
-
Япония — 120 спортчу (47 эркек, 73 аял).
Кышкы Олимпиада дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандарды бириктирип, спорттогу эң жогорку жетишкендиктердин сахнасы болору күтүлүүдө.

