Латын Америкасынан Мишель Бачелет… Борбор Азиядан Роза Отунбаева?..

Чилинин президенти Габриэль Борич өзүнүн өлкөсү жана Бразилия, Мексика менен биргеликте Чилинин мурдагы башчысы Мишель Бачелетти БУУнун башкы катчысы кызматына талапкер кылып көрсөткөнүн жарыялады.

Габриэль Борич Бразилиянын лидери Луис Инасио Лула да Силвага жана Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаумга Бачелетти колдоодогу «жардамы, ишеними жана эрдиги» үчүн ыраазычылык билдирди. «Бул талапкер Латын Америкасы жана Кариб бассейни биздин замандын улуу чакырыктары үчүн жамааттык чечимдерди түзүүдө өз үнүн угузат деген жалпы үмүтүбүздү билдирет», – деп белгиледи Чили мамлекетинин башчысы.

Бразилиянын лидери Луис Инасио Лула да Силва дагы өз чечимин соц.тармактарда ачык жарыялап, Бачелетти колдой турганын жана сыймыктанарын баса белгиледи. «Сексен жылдык тарыхында уюмду акыры аял киши жетектөөгө убакыт келди», – деп белгиледи Бразилия жетекчиси. Ал Бачелеттин саясий карьерасында новатордук мамиле бар экенин, анткени ал Чилини жетектеген жана өз өлкөсүндө коргоо жана саламаттыкты сактоо министри кызматтарын ээлеген биринчи аял болгонун кошумчалады.

Ал ошондой эле Бачелеттин «БУУ – аялдар» (UN Women) түзүмүн түзүүдөгү жана бекемдөөдөгү чечүүчү ролун жана анын БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары катары ишин эске салды.

Чилинин мамлекеттик жана саясий ишмери Вероника Мишель Бачелет Херия 75 жашта. Кесиби медик-хирург, эпидемиолог. 2006-2010, 2014-2018-жылдарда Чили социа-
листтик партиясын жетектеген. 2005-2006-жылдары президенттик шайлоодо бийликтеги солчул-центристтик демократия үчүн партиялар коалициясынын атынан чыгып, шайлоонун экинчи турунда миллиардер Себастьян Пиньерди жеңип чыккан. 2013-жылдагы президенттик шайлоодо кайрадан шайлоонун экинчи турунда жеңип алган.

Ал Латын Америкасынын тарыхындагы аялдардан чыккан бешинчи мамлекет башчысы. Испан тилинен башка португал, англис, француз, немец тилдерин билет. Бачелет консервативдүү Чили коому үчүн саясий лидердин жаңы тибине кирет. Динге болгон көз карашы боюнча агностик.

Латын Америкасынын президенттеринин сунуштарынан улам мындай бир ой келет. Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери да БУУнун башкы катчылыгына талапкер көрсөтүү демилгесин колго алса кандай болоор эле? Биздин оюбузча, бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш болмок. Азия өлкөлөрү арасында деле аял лидерлер арбын. Анын ичинде мамлекет башчысы болгондору да жок эмес. Айталы Отунбаева Роза Исаковна БУУнун Башкы катчысы болууга толук татыктуу. Учурда ал Ооганстан боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча БУУнун миссиясынын жетекчиси.

Кесиби философ. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин аяктагандан кийин, ММУнун аспирантурасында окуган. Германиядан стажировкадан өткөн. Партиялык иште такшалып, 1986-1989-жылдарда Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрага орун басары-тышкы иштер министри болуп иштеген.

1989-1991-жылдары СССР ТИМ коллегиясынын мүчөсү. СССРдин өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси деген наамы бар. СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын жооптуу катчысы, ал эми 1990-1991-жылдары СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын төрагасы. 1991-жылы 22-октябрда СССРдин Малайзиядагы жана Брунейдеги өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Кыргызстан эгемендүүлүк алганда кайтып келип, вице-премьер-министр-тышкы иштер министри болду. Андан кийин Кыргызстандын АКШ жана Канада, Улуу Британия жана Ирландиядагы элчилигин жетектеди.

2002-жылдын май айынан тартып – Грузиядагы / Абхазиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлүнүн орун басары кызматын жетектеген. Кыйын кезеңде Кыргыз Республикасынын президенти болуп, өз мис-сиясын татыктуу аткарды.

Кыскасы, Роза Отунбаева дипломатиялык иште бышып жетилген. 2012-жылы «Newsweek Daily Beast» версиясы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү 150 аялдын катарына кирген.

Эгер Борбор Азия лидерлери тарабынан БУУнун Башкы катчылыгы көрсөтүлсө, мындан Кыргызстан гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия утмак.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз