Улуттук музей – улуу тарыхыбыздын күбөсү

0
7461

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен учурда АРТ Диалог өтүүдө. Музейлердин заманбап өнүгүүсү тууралуу биз Улуттук тарых музейинин директору, профессор Жылдыз Бакашова менен маек курдук.

– Бүгүнкү күндө АРТ Диалог жана музейлердин заманбап өнүгүүсү, дегеле АРТ Диалог түшүнүгүнүн мааниси
кандай?

– Биринчиден, АРТ Диалог – бул жөн гана көргөзмө же искусство иш-чарасы эмес, бул музей менен коомдун ортосундагы тирүү байланыш. Азыркы музей унчукпай сактоочу жай болбостон, коом менен сүйлөшө билген, суроо берип, ой жараткан маданий платформа болушу керек. АРТ Диалог аркылуу музей өз үнүн угузат, ошол эле учурда коомдун үнүн угууга мүмкүнчүлүк алат.

Экинчиден, АРТ Диалог аркылуу музей көрүүчүнү пассивдүү көрүүчү эмес, активдүү катышуучу кылат. Келген адам экспонатты гана карап кетпестен, ойлонуп, суроо берип, өз көз карашын билдирет. Бул өзгөчө жаш муун үчүн маанилүү, анткени алар үчүн музей – сүйлөшүүгө, ойлонууга жана өзүн табууга мүмкүнчүлүк берген аянтча болушу керек.

Үчүнчүдөн, бүгүнкү глобалдашкан дүйнөдө бул мурастарды заманбап тилде түшүндүрүү өтө маанилүү. АРТ Диалог улуттук баалуулуктарды жаңы форматта сунуштоого, эл аралык деңгээлде таанытууга жана муундар аралык байланыш түзүүгө жардам берет.

Андан тышкары, АРТ Диалог музейдин эл аралык байланышын чыңдайт. Анткени АРТ Диалог – бул универсалдуу тил. Искусство аркылуу ар кайсы өлкөлөрдүн музейлери, сүрөтчүлөрү жана изилдөөчүлөрү бири-бири менен түшүнүшөт. Биргелешкен көргөзмөлөр, резиденциялар, талкуулар аркылуу музей эл аралык маданий мейкиндиктин активдүү катышуучусуна айланат.

– Өткөн жылдагы өткөрүлгөн көргөз-мөлөрдүн, илимий иш-чаралардын кайсылары коомчулуктун кызыгуусун жаратты?

– Былтыр октябрда «Маалыматтык коомдо эс тутум институттары, китеп жана окуу» Улуттук тарых музейинин 100 жылдыгына арналган IV Эл аралык илимий-практикалык конференция жана «Кыргыз элинин көөнөргүс мурастары» аттуу көргөзмө өткөрдүк. Лондондо Британ музейи менен биргеликте жарык көргөн «Silk Roads» жана Сеул шаарында Ханбит маданият институту менен биргеликте басылып чыккан «Кыргыз элинин баа жеткис мурасы» аттуу китептердин презентациясы болду. «Чыңгыз Айтматов жана Лев Толстой. Кылымдан кийинки маек» аттуу биргелешкен көргөзмө
уюштурулду.

Бардыгы 151 көргөзмө ачылып, анын ичинен 12 көргөзмө эл аралык деңгээлде
өттү.

Айтмакчы, эл аралык көргөзмөлөрТарых музейинин эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр жана донорлор менен активдүү кызматташуусунун натыйжасы. Музейде 17 эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. ПРООН, чет мамлекеттердин аккредиттелген элчиликтери, эл аралык фонддор менен биргеликте ишке ашырылган долбоорлор санариптештирүү, инклюзия, жабдууларды жаңылоо жана адистердин потенциалын жогорулатуу багытында олуттуу колдоо көрсөтүүдө. Бул булак музейдин өнүгүүсүндө стратегиялык мааниге ээ.

– Музейге келгендердин саны жылдан-жылга өсүп жатканы байкалууда. Ушул тенденцияны сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү үчүн кандай кадамдар жасалууда?

– Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейине  “Ачык эшиктер айында” 1-30-октябрга чейин жалпы: 284 766  көрөрман келди. Мастер-класстарга 1-30-октябрь күндөрү  жалпы 28 300 адам катышты.  2025-жылы музейибизге 500 000 киши келди.

Бул тенденцияны сактап калуу үчүн музейди кайра-кайра келүүгө арзый турган жандуу, заманбап жана коомго ыңгайлуу мейкиндикке айлантуу. Ошондуктан иш бир эле жарнама менен эмес, мазмунду, кызматты жана тажрыйбаны комплекстүү жакшыртуу аркылуу жүргүзүлүүдө. Негизинен биз мына буларга көңүл буруп жатабыз:

1) Экспозицияны жаңылоо жана «кайра келүү» эффектисин түзүү.

Мисалы, былтыр “Кыргыз Туусу” гезитинде экспонаттардын тарыхын баяндаган рубрика туруктуу жарыяланып, элдин кызыгуусун жаратты.

2) Балдар жана жаштар үчүн атайын программалар.

Мектептер менен туруктуу графикте экскурсия/музей сабактары, мастер-класстар, квест-экскурсиялар, викториналар, жаштар үчүн квиз форматтарды кеңири колдонуу, студенттерди практика/волонтёрдук программалар аркылуу тартуу абзел.

3) Санарип жана байланыш каналдарын күчөтүү (медиада жана социалдык тармактарда үзгүлтүксүз контент жарыялоо, QR-коддор аркылуу кеңейтилген маалымат берүү, мобилдик контентти көбөйтүү ж.б.)

4) Көрүүчүгө ыңгайлуулукту жогорулатуу (навигацияны жакшыртуу, экскурсия кызматтарын график менен уюштуруу, топтор үчүн алдын ала брондоо, сунуш-пикирлерди топтоп, кызмат сапатына тез реакция берүү)

5) Инклюзивдүү жана жеткиликтүү музей.

6) Коомдук өнөктөштүк жана окуялык календарь, көчмө көргөзмөлөр аркылуу музейди региондорго жакындатуу.

7) Сапатты башкаруу жана туруктуулук.

– Экспозицияларды жаңылоо, санарип технологияларды колдонуу багытында кандай иштер аткарылды?

– Музейде электрондук каталогдорду түзүү жана комплекстүү автоматташтырылган музейдик маалыматтык системаны (КАМИС) өнүктүрүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. КАМИС музей фонддорун эсепке алуунун негизги санариптик куралы болуп саналат. Бул программа базада катталган бардык музей буюмдары боюнча бирдиктүү электрондук каталог түзүүгө, ар бир экспонатка санариптик сүрөтү менен кошо кеңири сүрөттөмө берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бүгүнкү күндө бул базада 8 000ден ашуун жазуу камтылган. Аталган системадагы маалыматтар музейдин сайтындагы «Онлайн коллекция» модулунун ишинин негизин түзөт. Мунун аркасында ар бир адам интернет аркылуу уникалдуу экспонаттарды көрүп, алардын тарыхы менен тааныша алат. Ошондой эле программа башка санариптик платформалар менен маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Фонддорду эсепке алуу жана алардын сакталышын көзөмөлдөө максатында QR-коддоо жана RFID технологияларын интеграциялоо ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө музейдин экспозициялык залдарында өзгөчө баалуу 50дөн ашык экспонатка QR-коддор орнотулган. Алардын жардамы менен келүүчүлөр смартфондор аркылуу экспонаттар тууралуу кеңири маалымат ала алышат.

Мындан тышкары, Корея Республикасы менен эл аралык кызматташуунун алкагында музей «Кыргызстандын маданий ресурс-тарын башкаруу системасы» (KCRMS) аттуу масштабдуу долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды. Бул долбоор тарыхый-маданий мурастарды санариптик сактоого жана популярдаштырууга багытталган.

3D-сканерлөө технологияларын киргизүү уникалдуу артефакттардын жогорку сапаттагы үч өлчөмдүү моделдерин түзүүгө мүмкүндүк берип, аларды сактоо жана кеңири жайылтуу иштерин баштоого шарт түздү. Бул система музейдин ички маалымат базасы менен интеграцияланып, http://kcrms.org порталында миңдеген уникалдуу артефакттарды жарыялоого мүмкүнчүлүк берди. KCRMS системасына жалпы 7000  жакын жазуу киргизилген, анын ичинде музей буюмдарынын 15 даана 3D модели бар.

Мындан сырткары, музейде интерак­тивдүү медиастанциялардын жана мультимедиялык проекторлордун (40тан ашык бирдик) тармагы иштеп, кеңейтилип жатат, ошондой эле мультимедиялык контентти башкаруу системасы колдонулууда.

– «Инклюзивдүү музей» тууралуу да сөз болуп жатты эле?

– Заманбап музей бардыгы үчүн жетки-ликтүү болушу керек. Ушуга байланыштуу музей ПРООН менен кызматташуунун алкагында «Инклюзивдүү музей» долбоорун ишке ашырды. «Инклюзивдүү музей» долбоору аркылуу мүмкүнчүлүгү чектелген  балдар үчүн атайын адаптацияланган экскурсиялар, материалдар, визуалдык-аудио форматтар иштелип жатат.

– Уңгужол «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктик» алкагында музейдин негизги ишмердүүлүк багыттары тууралуу айтсаңыз?

– Уңгужол «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктик» алкагында Улуттук тарых музейи  жаш муунду тарбиялоодо, билим берүүнү жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүдө заманбап ыкмаларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп келүүдө.  Бул багытта кыргызстандык коомдун мыкты салт-нарктары менен эл аралык тажрыйба айкалыштырылып, музей билим берүүчү жана агартуучулук аянтча катары иш алып барат.

Айталы, балдар жана жаштар менен иштөөнү чыңдоо, музейдин агартуу жана коомчулук менен байланыш функциясын кеңейтүү багытында ар түрдүү программалар жана иш-чаралар активдүү жүзөгө ашырылып жатат. Мисалы, «Тарых менен тааныш» сериясы, «Музей художниги» мастер-класстар сериясы, “Интерактивдүү мектеп” экскурсиялары, фестивалдар жана интеллектуалдык оюндар, «Маданият күндөрү» майрамдары, белгилүү тарыхый даталарга арналган фестивалдык программалар, жаштар үчүн жандуу музыка, театр, этнографиялык көргөзмөлөр болууда.

– Музей экспонаттарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана сактоо шарттары боюнча кандай системалар иштеп жатат?

– Музей экспонаттарынын сакталышын камсыз кылуу максатында электрон жабдыктары, эшиктердин ачылып-жабылышын көзөмөлдөөчү датчиктер, айнек сынуусун аныктоочу аппараттар жана вибрация датчиктери, видео көзөмөл, өрт коопсуздугу системалары иштейт.

– Улуттук музейге биринчи жолу келе турган көрүүчүлөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эң негизги кеңешим – кызыгуу менен шашпай көрүү, ачык маанайда келүү. Музей бул жөн гана экспонаттар коюлган жай эмес, бул – убакыт аркылуу байыркы доордон учурга чейинки  жандуу саякат. Баарын бир күндө көрүүгө аракет кылбаңыз. Музейдин экспозициялары чоң жана көп катмарлуу. Экспонатка “Бул эмнеге колдонулган?», «Кимге таандык болгон?» деген сымал суроо менен караңыз, санарип мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланыңыз. Балдар үчүн музей – тарыхты көрүп, сезип, элестеткен өзгөчө мейкиндик, билим-тарбия институту, демек, балдарды ала келиңиз, аларга суроо берүүгө, ой бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүңүз. Музей – диалог үчүн аянтча экенин унутпаңыз. Музейге көрүүчү катары гана эмес, өз тарыхыңыз менен жолуккан адам катары келиңиз. Бул жерден сиз өткөндү гана эмес, бүгүнкү күндү жана келечекке болгон жоопкерчиликти да сезе аласыз.

Сиздин оюңузча, заманбап музей кандай болушу зарыл?

– Заманбап музей – ачык, жеткиликтүү жана диалогго даяр мейкиндик. Ал салт менен инновацияны айкалыштырып, тарыхты бүгүнкү күндүн тили менен айтып бериши керек. Санарип технологиялар, интерактивдүү экспозициялар, арт-дискуссиялар жана жаштар менен иш алып баруу музейдин негизги багыттарына айланышы зарыл.

Маектешкен Луиза АЛМАЗБЕК кызы

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз