Журналист блогер, блогер журналист эмес

Кыргызда “Бала – баланын иши чала” деген кеп бар. Анын сыңарындай, жаш депутаттардын бири жаштык кылыппы, же мандаттын күчүнө эреркеп “мастык” кылыппы, “Кыргызстанда журналисттер калган жок. Мен силердин мурдагы кесиптешиңермин. Журналистиканын мыйзамын жакшы окуган үчүн мен, “Не сахар” долбоору ушул деңгээлге жетти. Булар мени жамандап жазат. Ушул жерден жакшы эле сөз сүйлөйм. Барсам эле кесип-кесип жамандап чыгарып коюшат. Эмне себеп десем, көрсө, булар бизнес кылат экен. Карасам, менин кесиптештеим жакшы эле чыгат, меникин эле кесип-кесип чыгарат. Акча алышат экен”, – деп журналисттердин чарбагына эле таш ыргытып тим болбой, өз коллегаларын да журналисттерди акчага жалдаган буюртмачылар катары айыптап өттү дешет.

Бала депутатка коллегалары эмне деп жооп берет, же жооп берип убара болбостон: “Баягы эле опулдаган көп сөзүнүн бири да, ушуга да теңелебизби” деп тим болушабы, алардын  эрки.

Арийне, көчөдө жүргөн бирөө эмес, парламенттеги эл өкүлү “журналисттер буюртма аткарып, акча алышат экен”, – деп биздин чарбакка таш ыргытып жаткан соң, мындай ээнбаш, ээнооз сөзгө жооп берүүгө туура келет.

Эгемендик доорунда төрөлгөн муун журналистика эмне экенин билбей калды. Соцтармактарды башына кийип, эки сүйлөм сөз жазып, же ээнбаш кыйкырып койгондордун баарын журналист ойлошот. Арийне, андай эмес.

Блогер менен журналист – экөө эки башка түшүнүк, эки башка баалуулук. Алиги “Кыргызстанда журналисттер калган жок. Мен силердин мурдагы кесиптешиңермин. Журналистиканын мыйзамын жакшы окуган үчүн мен, “Не сахар” долбоору ушул деңгээлге жетти” деген эл өкүлү айтып жаткан “Не сахар” долбоорунун өзү журналис-тиканын эч бир жанрына жатпайт. Болгону “долбоор”.

Акыркы жылдарда өзү сот ордуна сот, прокурор ордуна прокурор, адвокат ордуна адвокат болуп, “хайп” кармаган блогерлерди көрүп жүрөбүз. Алар кандайдыр бир ийгиликтерге жетишип да жатышат. Андайларды ээрчип, андайлардын сөзүн сүйлөп, жактагандар да аз эмес. Арийне, мунун өзү утурумдук гана нерселер деп ойлойбуз.

“Мен силердин кесиптешмин” деп жатпайбы, “Не сахар” долбоору журналисттик этикага жатпаган мүнөзү менен коомчулуктун эсинде калган. Долбоордун автору өзү да эл өкүлү болуп туруп, блогерлик образынан чыга албай келатканы да жакшы белгилүү. Ал өзүнчө сөз. Аны учуру келгенде айтабыз.

Туура, бүгүн блогерлердин доорону жүрүп, ошолордун сөзү өтүмдүү болуп, төрдө журналисттердин ордунда ошолор отуруп жатышат. Блогерлер атүгүл соттун, прокурордун, адвокаттын ордун ээлеп алышты. Бир күнү карасаң блогерлер санврач, бир күнү эпидемиолог, бир күнү эколог, бир күнү теолог, бир күнү геолог. Мына бүгүнкү коомдун жүзү.

Бул да эч нерсе эмес. Эң коркунучтуусу мында. Журналистика бул бүтүндөй бир институт, бүтүндөй бир илим, жанр, ал эми журналисттик кесип болсо, блогерлик бул кесип эмес. Анда илимдин карааны да, жанрлары да жок. Блогерлерге окубай туруп ой айтуу, билбей туруп акаарат келтирүү мүнөздүү көрүнүш. Ал утурумдук хайп, атың чыкпаса жер өрттө деген нерсе. Блогер үчүн лайк жана катталуучу маанилүү. Блогер үчүн анын жеке башынын кызыкчылыктары биринчи орунда турат. Аерде бирөөлөрдүн кызылдай кызыкчылыктары жатат. Блогерлер ошол кызыкчылыктар үчүн иштейт. Блогерде улут жок, улуттук кызыкчылыктар жок. Алар мамлекеттин маалыматтык коопсуздугу тууралуу ойлонушпайт. Алар улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыктардын үстүнөн тебелеп-тепсеп кете беришет.

Блогерлик – соцтармактардын, Интернет желесинин продуктысы. Ал соцтармактар, Интернет желеси үчүн гана кызмат кылат.

Блогерликтин басма сөзгө эч тиешеси жок.

А журналистика олуттуу кесип. Журналистикада каалайсыңбы же жокпу, адамдын тагдыры, мамлекеттин келечеги үчүн күйүп-бышасың,
маалымат коопсуздугу ар дайым көңүлдө турат, эмнени жазыш керек, эмнени жазбаш керек дегенде, сырт цензура жок болсо да, абийир цензурасынан аттай албайсың. Журналист улуттук маалымат мейкиндиги жана анын тазалыгы үчүн кызмат кылат. Журналист үчүн маалыматтык коопсуздук маселеси биринчи орунда турат.

Журналистке келгендер алардан калканч, коргон издеп келишет. Акыркы үмүтү менен келет.

Кыргыз журналистикасынын кадырына доо кетирген муун болгон. Анын баарына тарых жана мезгил тараза. Жашырганда эмне, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары сөз эркиндиги десе, калпактарын тескери кийген азаматтар журналистиканы көчө ушагынын деңгээлине түшүргөн учурлар болду. Алар кызылдай ушак-айыңдарды баса берип, акыры ал гезиттер ошол ылай-баткактын басырындысында калган. Мына ошолор улуттук баалуулуктарды жокко чыгарып, Кыргызстанды 24 жыл башкарган журт аксакалы Турдакун Усубалиевге акидей асылып турушту. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго асылышты. Алар кимге гана асылган жок. Кимдерди гана ылай менен шыбабады. Мунун баары тарых.

Бүгүн соцтармактарда отуруп алып, оюна келгенин оттоп, окубай туруп ой айтып, билбей туруп акаарат кылып, коомдук аң-сезимди уулап жаткандар мына ошол журт бузарлардын ордун баскандар десек эч жаңылышпайбыз. Мына ошол журт бузарлардын куйруктары бүгүн да улуттук кызыкчылыктарды дагы да тебелеп, Айтматовго окшогон асылдарга дагы деле асылып жатышат.

Таш койгон ташын, аш койгон ашын алат. Журналисттерди куру бекер күнөөлөгөн туура эмес. Эл өкүлдөрү сыяктуу эле, журналисттер да коомдун продуктысы. Айырмасы, эл өкүлдөрү элдин сынынан кантип өтүп келип жатканын көрүп жатабыз. Ал өзүнчө сөз болсун. А журналисттер ар бир жазган макаласы менен эл сынында. Чыныгы журналисттер дайыма эл тарапта болгон жана дайыма элдик болуп кала
беришет.

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз