Башкы беткеПрезидентКыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүү маселелери эл аралык өнөктөштөр менен талкууланды

Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүү маселелери эл аралык өнөктөштөр менен талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоо күн тартиби боюнча Атайын өкүлү Динара Кемелова БУУ системасынын Туруктуу координатору Антье Граве жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангже менен жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Динара Кемелова Кыргызстандын 2023–2027-жылдарга карата тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык алкагындагы негизги приоритеттери менен тааныштырып, климаттык өзгөрүүлөр, табигый кырсыктар жана татаал географиялык шарттар тоолуу райондордун жашоочулары үчүн олуттуу чакырык болуп жатканын белгиледи.

Тараптар беш жылдыктын алкагында ишке ашырылып жаткан чараларга, атап айтканда, саламаттык сактоо, таза суу жана санитария, энергоресурстарга жеткиликтүүлүк, санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана башка социалдык-экономикалык багыттарга өзгөчө көңүл бурушту. Бул багыттар 2023–2027-жылдарга жаңыланган Жол картасында камтылганы белгиленди.

Ошондой эле Динара Кемелова Кыргызстандын тоолуу аймактарынын географиялык, демографиялык, социалдык жана экологиялык аспектилерин комплекстүү изилдөө демилгеси, илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, климаттык каржылоого жетүү жана тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин бириктирүү максатында Бишкек глобалдык тоо туруктуулук борборун түзүү идеясы тууралуу маалымат берип, эл аралык өнөктөштөрдү активдүү катышууга чакырды.

2026-жылга карата пландардын алкагында өлкөнүн облустарында жана алыскы тоолуу райондорунда тоолуу экосистемаларды коргоо жана туруктуу өнүктүрүү максатында жергиликтүү бийлик органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган тегерек столдорду жана форумдарды өткөрүү сунушталды.

Мындан тышкары, Корея Республикасынын Элчиси Ким Квангже менен жолугушууда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, органикалык айыл чарба, туризм жана тоолуу аймактардагы тарыхый-маданий объектилерди модернизациялоо багыттарында эки тараптуу кызматташтыктын келечеги, ошондой эле тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар