whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүАтпай журтубуздун “Акылман” лицейинде...

Атпай журтубуздун “Акылман” лицейинде…

Өткөн аптада журналисттердин тобу Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейине барып, кеңири таанышып келдик. Көпчүлүк журналисттер буга чейин бул лицей тууралуу угуп жүргөнүбүз менен, жакындан көрүп, көп нерсеге көзүбүз ачылды десек болот.

Алгач лицейдин босогосун аттаганда эле окуучулардын “Арыбаңыз” деп салам берүүсү кулакка жагымдуу угулуп, ал тургай толкундатып да жиберди. Себеби, өзүңүздөр билгендей Кыргызстанда түрктөр, америкалыктар жана башка улуттун өкүлдөрү негиздеген жеке менчик мектептер, лицейлер, колледждер көп. Ата-энелер мына ошол мектептерди Кыргызстандагы алдыңкы, мыкты деп эсептеп, балдарын ошол жакка берүүгө умтулушат.

Албетте, алардын окутуу методикасы дагы, шарттары дагы алда канча мыкты. Ошентсе да, эмне үчүн биздин кыргыздын улуттук идеологиясын, нарк-насилин сиңирген, тарбия берген лицейлер  жок деген ой көптөн бери көкүрөктү өйүп келээр эле.

Дал ушул “Акылман” президенттик лицейи кыргыздын улуттук нарк-насилин, каада-салттарын, үрп-адаттарын дүйнөдөгү билим берүү системасы менен интеграциялап, жеткинчектерге мыкты билим берип жаткан окуу жайы экенин көрүп, менин да балдарым ушул лицейде окуса деп тилек кылып келдим. Байкалып тургандай, “Акылман” лицейине тандалып алынган таланттуу балдар-кыздар мындай түзүлгөн шартта жана билим, тарбия берүүдө, келечекте улутубуздун туусун көтөргөн жаштардан болуп чыгышарына ичибиз элжиреп турду. Ал эми лицейдин турмушу жөнүндө бул фоторепортажымдан көрүңүздөр.

 

Наргиза КОЗУБАЕВА,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар