whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарМамлекетке алынган үч пансионат ишке берилет

Мамлекетке алынган үч пансионат ишке берилет

Профсоюздар федерациясынан мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн «Жети-Өгүз» курорту, «Улан» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионаты быйыл толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке берилет. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда бул мекемелерде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат жана санариптик башкаруу элементтери киргизилүүдө. Туманбаев жетекчилер менен жолугушууда мыйзамдуулукту сактоонун жана жоопкерчиликтүү иш алып баруунун маанисин белгиледи.

«Жетекчилерге эң оболу мыйзамдуулукту так сактоонун маанисин баса белгилейм. Бүгүнкү күндө мыйзам бузуу — жеке гана эмес, жакындарыңдын да тагдырына терс таасир этүүчү олуттуу маселе болуп калды. Бир эле чечим бүтүндөй бир тагдырды өзгөртүп салышы мүмкүн. Бул жоопкерчиликти ар бир жетекчи сезиши керек.

Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, коррупцияны жоюунун эң натыйжалуу жолу — санариптик башкаруу. Адамдык факторду азайтуу менен мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коё алабыз. Санариптик башкаруу — таза, ачык-айкын жана жоопкерчиликтүү иштөөнүн негизги куралы. Буюрса, бул мекемелерге да ушул системаны акырындык менен киргизип жатабыз», — деп жазды Туманбаев.

Эске салсак, буга чейин «Жыргалаң» жана «Ысык-Ата» курорттору да оңдолуп, ишке берилген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар