Окурмандардын эсинде болсо, 2024-жылдын 19-ноябрында жарык көргөн “Кыргыз Туусунун” №86 (24858) санына “Экспорт деп жатып элди унутуп койбосок” аттуу макала жарыяланган. Анда коңшу Өзбекстанга кыргыз картошкасы көп экспорттолуп, натыйжада картошка 45 сомго чыкканын, минтип отурсак кышында экинчи наныбыз 50-60 сомго чыгарын жазган элек. Тилекке каршы, бул боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан, карапайым эл тарабынан деле эч кандай реакция болгон эмес. Эми минтип жаз келбей жатып картошка баасы Бишкекте, башка региондордо дагы 55-60, айрым жерлерде 65 сомго чейин чыкты. Буга дыйкандар убактылуу кубанышканы менен негизги азык ун, картошка болгон калктын капчыгына кыйын эле болуп жатат.
Жетиштүү болсо 70 сомго чыкпайт эле
Артка кылчайсак, 2019-жылы Нарын эли картошканы массалык түрдө көп эгип, күзүндө ал 2-3 сомго да чыкпай калган. Аргасы түгөнгөн дыйкандар түшүмдүн көбүн ороолорго салып, тилекке каршы, жазында ал 1 сомго чыкпай калып эл миңдеген тонна экинчи нанды талааларга төгүүгө аргасыз болушкан. Ошол жылы бир кесиптешибиз айыл чарба министринин алдына бир баштык картошканы таштоо менен министрликтин, жалпы эле өкмөттүн айыл чарба саясатынын өтө чабал экендигин билдирген. Эми минтип, картошка акыркы эки-үч жылда баа болуп, Кыргызстан ичинде 45-50 сомго чейин чыкты. Албетте, күйүүчү май, техникалык жабдыктар, жер семирткич кымбат болуп жатканда мээнет менен өстүргөн түшүмдүн кымбат болгону дыйкандар үчүн жакшы. Бирок, сууну сыртка бекер берип электр энергиясын кымбат сатып алгандай болуп элге керектүү көлөмдөгү картошканы Өзбекстан, Казакстанга 20-25 сомдон экспорттоп жиберип өзүбүз 60-65 сомдон картошка сатып жегенибиз жакшы көрүнүш эмес. Себеби, кайсыл мамлекет болбосун азык-түлүк коопсуздугу үчүн ири алдыда өлкө ичинде өндүрүлгөн азык-түлүктү калкка жеткидей көлөмдө сактап, баасын туруктуу кармаганга аракет кылат. Бул боюнча тиешелүү маморгандар алдын ала анализ кылып, керек кезде атайын чектөөлөрдү киргизип, дыйкандардан ошол продукцияны сатып алып кампаларга сактайт. Бизде так ушундай системалуу иштин жоктугунан бирде айыл чарба продукциялары асманга чыгып, бирде тыйын да болбой калган учурлар көп. Андыктан быйылкыдай “Картошка баасын ортомчулар көтөрүп жатат, Кыргызстанда жетиштүү картошка бар” деген кеп анча ынанымдуу эмес.
Баса, жогоруда айткан “Экспорт деп жатып элди унутуп койбойсок” деген макаланы даярдап жатканда бизге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Турат ИДРИСОВ 2024-жылы Кыргызстан боюнча картошка 65 300 гектар жерге эгилгенин айтып, буга улай: “Быйыл картошканын орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 178-180 центнерден айланды. Ошондо өлкө боюнча жалпы 1 млн. 169 миң тонна картошка жыйналды. Анын 750 тоннасы ички керектөөгө жумшалса, 150-200 миң тонна кийинки жылкы үрөнгө калат. Калган 250 тоннасы ашыкча. Он айдын жыйынтыгы боюнча жалпы 39 миң тонна экспорттолду. Анын ичинен 24 тонна Азербайжанга, Казакстанга 6800 тонна, Россияга 644 тонна, Өзбекстанга 32 300 тонна саттык. Кыскасы, бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүн толук картошка менен камсыз кыла алат”, – деген. Логикалык жактан алганда министрлик өкүлү айткандай, калкка жеткидей көлөмдөгү картошка бар болсо эмнеге күздөн тарта эле картошка 45 сомго көтөрүлүп, февралда 65 сомдон сатылат?! Себеби, картошка өлкө ичинде аз. Аз болгон соң ага суроо-талап жогорулап, баа кес-кин көтөрүлгөн. Факт үчүн айта кетели, 2024-жылы март айында Кыргызстан базарларында картошка 18-25 сомдон сатылса, ушул эле жылы күзүндө (түшүм жыйналып жаткан убакта) ал 35-40 сомго чыккан.
Бир кап ундан бир кап картошка кымбат
Баарынан кызыгы, февраль айында Кыргызстандын 50 килограммдык бир кап уну (1-сорт) 1750 сомдон 1550 сомго, Казакстан уну 2200 сомдон 1900 сомго арзандаган. Ошол эле кезде 50 килограмм картошка 3000 сомго чыгып отурат. Кыргызстандын жергиликтүү унуна Казакстан буудайынын кошуларын эске алганда коңшу мамлекеттерден буудай, ун көп импорттолуу менен бирге эле кыргыз картошкасы ал жактарга көп экспорттолгон. Бул парадоксалдуу көрүнүш.
Азыр Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги картошканын көбүн дыйкандар ороолорго салып салышкандыктан кымбат болуп жатканын айтышууда. Бирок, алыскы региондордогу дыйкандар картошканын басымдуу бөлүгүн күзүндө эле сатышканын, сакталган картошканын көлөмү деле баалардын арзандоосун камсыз кыла албастыгын айтышууда. Министр Бакыт Төрөбаев болсо Ош жергесинде атайын иш жүргүзүүнүн негизинде картошка баасы 60 сомдон 49 сомго түшүрүлгөнүн билдирди. Ага карабай азыр түштүктөгү базарларда картошка арзандабай жатканы айтылууда.
Белгилей кетсек, 3-февралда картошка баасын турукташтыруу максатында Министрлер Кабинети картошканы сыртка чыгарууга тыюу салган. Бирок, коңшулардын тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул рычаг деле баага анчалык таасир эте албайт окшойт. Себеби, январь айында Казакстанда да картошканы экспорттоого чектөө киргизилген. Ага карабай Россияга, Өзбекстанга картошка сатылып, боордоштордо да бул азыкка болгон баа асмандап кеткен. Азыр Казакстандын айрым райондорунда картошка 80 сомго чыкканы айтылууда. Бирок, бул өлкөдө айлык маяна Кыргызстандыкына караганда кыйла жогору экенин да эске алуубуз керек.
Жөндөөчү кызматтан жөнсүз жооп
Кыргызстанда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бар. Бул кызматтын негизги миссиясы, аты айтып тургандай базар бааларына көзөмөл кылып, бааларды турукташтыруу иштерин жүргүзүү. Асмандаган картошка баасын турукташтыруу боюнча кандай иштер жасалып жатканын билүү максатында аталган кызматка кайрылдык. Аталган кызматтын Талдоо, отчёттуулук жана ЕАЭБ менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын башкы адиси Айпери Жусупбекова адаттагыдай эле “картошка социалдык товарга киргендиктен аталган агенттик жума сайын анын рыноктук бааларына мониторинг жүргүзүп турарын жана картошка баасын турукташтыруу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын” билдирди. “Бааларга жума сайын мониторинг кылуучу” мекемеде картошканын баасы кышында 60-70 сомго чыгары тууралуу божомолдуу анализ болгон болбогонун сурап, бирок, ынанымдуу жооп ала албадык.
Картошканы эле карап отура бербейли
Медалдын эки бети бар дегендей, өзүбүздө өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, айрыкча картошканын кымбат болуп жатышынын дагы бир себеби бар. Ал кыргызстандыктардын тамак рационуна маани бербегендиги. Муну айтканыбыз, кыргызстандыктардын көпчүлүгү негизинен камыр, картошка, эт кошулган тамактарга басым жасашат. Ошол эле кезде бул азыктарды алмаштыруучу, ошондой эле калориядагы айыл чарба өсүмдүктөрү, азык-түлүктөр да бар. Мисалы, ошол эле картошканы Мекенибизде өскөн төө буурчак, нокот, чечевица, буурчак, гречка жана башкалар менен алмаштырса болот. Картошкада крахмал көп болгондуктан ага салыштырмалуу бул санап өткөн өсүмдүктөр ден соолукка алда канча пайдалуу. Бирок, аларды күнүмдүк тамактанууга колдонгондор аз. Алсак, Нарын, Ысык-Көл облусундагылар буурчак, төө буурчак, гречка сыяктуу дан азыктарын аз колдонушат. Түштүктө, Чүй жергесинде көп колдонулган витаминдүү ашкабакты деле түндүктүктөр көп баалай беришпейт. А чынында ал көрүүгө, ички органдарга абдан пайдалуу. Бул жагынан да мамлекеттик саясат, республикалык масштабдагы атайын кампаниялар жүргүзүлүп турса азыркыдай картошка ажиотажы болмок эмес. Ошол эле гречканы алсак, бир жылдары ал абдан кымбаттап кеткен. Азыр Россия, Өзбекстанда гречка жана башка азык-түлүктөр арзан болгондуктан, бизге арзан келип жатат. Тилекке каршы, биз бул жагынан да жакшы мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатабыз.
Ошондуктан, биринчиден, тамак-аштын рационун байытып, туура тамактанууга, түрдүү азыктарды ыгы менен колдонууга үйрөнүшүбүз абзел. Экинчиден, эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй айыл чарбасында азык-түлүктү өндүрүүдө пландоо ишин жөнгө салуу, прогноздоо, ички жана тышкы керектөөнүн, муктаждыктардын тенденциясын эске алуунун, ошого жараша дыйкандарга туура кеңеш берүүнүн бүтүндөй системасын түзүү зарылчылыгын эске алуубуз кажет.
Мелис СОВЕТ уулу, «Кыргыз Туусу»