Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Министрлер Кабинети тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизди

Садыр Жапаров Министрлер Кабинети тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол койду.

Маалыматка ылайык, конституциялык мыйзам Министрлер Кабинетинин ишин өркүндөтүү максатында иштелип чыкты.

Ага ылайык:

– Министрлер Кабинетинин төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн кызмат орундарын жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 7 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат;

– аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат ордун жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана (же) муниципалдык кызматтарда жалпысынан 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 3 жыл, ошондой эле 7 жылдан кем эмес иштеген адамдар ээлей алат.

Тактап кетсек, аталган мыйзам 4-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар