whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.03.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкология"Ысык-Көлдү сактоо" фонду түзүлдү

«Ысык-Көлдү сактоо» фонду түзүлдү

«Ысык-Көлдү кийинки муундарга калтырабыз десек – көлүбүздү тунук жана таза бойдон сактап калышыбыз керек»- деген максат менен Рахат Жунушбаева «Ысык-Көлдү сактоо » фондун түздү.

Жаңы түзүлгөн фонд Каракол шаарында «Ысык-Көл экологиясы: чындык жана перспективалар» деген аталыштагы биринчи форумун ийгиликтүү өткөрдү. Форумга өлкөбүздүн жана көлүбүздүн келечегине кайдыгер карабаган бизнес-сектордун өкүлдөрү, жарандык активисттер, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү жана экологдор катышты.

«Биз Кыргызстандын, Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча реалдуу кадамдарды: инновациялык тазалоочу курулмаларды, жоопкерчиликтүү бизнести жана жаңы технологияларын сунуштоо менен экологияга салым кошо алабыз,»-деп фондун жетекчиси Рахат Жунушбаеваны өз сөзүндө белгиледи.

Ар бир адам Ысык-Көлдү сактоо, коргоо боюнча болгон аракетин көрүш керек.Көлдү сактоо бүтүндөй улуттун милдети жана ар багытта, ар кыл жолдор менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

Рахат Жунушбаева демилгелеген иш аракеттер, уюштурган форум өз миссиясын так аткарса анда Ысык-Көлүбүздүн тазалыгына чоң салым болот.
Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар боюнча фонд коомго чакырык таштады.

Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө тыюу салынбаса мунун экологияга тийгизген зыяны чоң.

Көлдүн экологиясына залакасын тийгизген жагдайлар чечилбеген бойдон калууда. Көлдүн жээгине санитардык жана экологиялык нормаларга жооп бербеген үйлөр, пансионаттар тынбай курулуп жатканы жаткан. Ачык айталы буга байланыштуу биосфералык аймактын абалы жан кейитерлик. Ысык-Көлдөгү саркынды сууларды тазалоочу жайлар талапка жооп бербейт.

Мисалы, Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну тазалоочу борбор 1986-жылы курулуп, азыркыга чейин толук оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
Көлдө саркынды сууларды тазалоочу курулманы тез арада жаңылап, жаратылышка кам көрбөсөк эртең кеч болуп калат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар