Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыПашинянга каршы чыкты делген ишкердин компаниясы мамлекетке өтүшү мүмкүн

Пашинянга каршы чыкты делген ишкердин компаниясы мамлекетке өтүшү мүмкүн

Армениянын парламенти «Армениянын элект тармактары» компаниясын улутташтырууга жол ачкан мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Аталган компания орусиялык армян тектүү миллиардер Самвел Карапетянга тиешелүү болгон. Ал июнь айында Ереванда «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деген айып менен камакка алынган.

«Армениянын элект тармактары» — өлкөдө электр тармагын бөлүштүрүү боюнча монополист. Оппозиция бул кадамды саясий куугунтук жана менчикти тартып алуу аракети катары баалады. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү армян премьер-министри Никол Пашиняндын «Жарандык келишим» фракциясы колдоду.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар