Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстанда 24 сааттын ичинде төрт жер титирөө катталды

Кыргызстанда 24 сааттын ичинде төрт жер титирөө катталды

Кыргызстанда акыркы 24 сааттын ичинде төртүнчү жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 23-октябрда саат 22:44тө болуп, анын күчү Рихтер шкаласы боюнча 3,0 баллга жеткен. Сейсмикалык термелүүнүн очогу Кара-Күнгөй айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Саз айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта жана Кочкор айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жергиликтүү тургундар сезген жер титирөөнүн күчү болжол менен 2,5 балл болгон.

Эске сала кетсек, 22–23-октябрь күндөрү да өлкө аймагында үч жер титирөө катталган:

  • саат 13:20да – Тогуз-Булак айылынан 20 чакырым түштүк-батышта (3,5 балл);

  • саат 13:33тө – Өзгөрүш айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта (3,0 балл);

  • саат 20:04тө – Өзгөрүш айылынан 25 чакырым түштүк-чыгышта (3,5 балл).

Адистердин айтымында, бул жыш жер титирөөлөр сейсмикалык активдүүлүктүн жогорулашын көрсөтүп турат. Учурда кыйроо же адам өмүрүнө зыян келтирүү боюнча маалымат түшкөн эмес.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар