Калың элдин энчисине айланган Элдик Курултайдын кадыр-баркы жыл санап артып, институт катары жашоодон өз ордун таап баратат. Мамлекет башчысы биринчи Элдик Курултайдын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Элдик Курултайдын тарыхый маани-маңызы тууралуу: “Байыркы карт тарыхтын бүктөмдөрүндө изи жаткан, Алтайдан Ала-Тоого чейинки узак жолду басып өткөн, даңазасы урпактарын сыймыкка бөлөгөн ата-бабаларыбыздын түп мүдөөсү: “Улуттун уркун кылымдарга улаган, түркүгү бекем мамлекет куруу” болгондугун эс тутумубуздан чыгарбай, биз, Манас атанын бүгүнкү урпактары, ушундай ыйык
ураанды жана келечек муун алдындагы улуу жоопкерчилигибизди сезип-туюп, бүгүнкү улуу ишти баштап олтурабыз!
Мурас калган өлбөс-өчпөс бул идея элибиздин тарыхын да, тагдырын да чагылдырган улуу “Манас” дастанынын ар бир сабында, ар бир ыргагында күүсүнөн жанбай жаңырып турат. Ата-бабаларыбыз эл-журтту башкаруунун өзөгү биримдикте, калыстыкта деп билген. Ошол бабалар доорунан мурас-
талган эл-журтту башкаруунун ары адилеттүү, ары салттуу жана нарктуу институту – бул Курултай.
Азыркы учурда Курултай элибиздин тарыхый мурасына төп келген коомдук-саясий институт катары жаңы Конституциябыз аркылуу өз макамына ээ болду. Баш мыйзамдын талабын жана элдин тилегин эске алып, “Элдик Курултай жөнүндө” конституция-лык мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштоо менен бирге, Биринчи Элдик Курултайды чакыруу
боюнча Жарлыкты жарыялап, тарых алдындагы өз озуйпамды аткаруу мен үчүн чоң сыймык!” деп айтканы эсибизде турат.
Мамлекет башчысы айтмакчы, “байыркы көчмөн элдердин жашоо-турмушунда Элдик Курултай мамлекеттүүлүктү, мамлекеттик башкарууну аныктоо, мамлекеттин бүтүндүгүн камсыздоо менен феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөнү, биздин ата-бабалар курултай институту аркылуу эл менен бийликти байланыштырып, элди бийликтин чыныгы ээсине” айлантканы ырас. Демек, “анын байыркы уңгусун бузбай, ошол эле маалда заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине кеңири катыштыруу” бул баарыбыздын жана жалпыбыздын тарых алдындагы озуйпабыз.
Андай болгондо, биздин алдыбызда Элдик Курултай канткенде турмушка ашат, канткенде элдик институт катары калыптанат жана турмуштан өз ордун табат деген олуттуу маселе турат. Элдик Курултай бир жылда бир жолу өткөн катардагы иш-чаралардын бирине айланбай, анда айтылган сунуштар күн тартибине коюлуп, ал эми анда алдыга коюлган максаттар, ой-тилектер, убадалар турмушка ашканы өтө маанилүү.
Президент 2022-жылы биринчи Элдик Курултайдын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: “Конституцияда Кыргыз Рес-публикасынын Президенти жыл сайын
Элдик Курултай алдында өлкөдөгү абал, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө жылдык кайрылуу жасайт деп белгиленгенин” баса көрсөтө келип, Курултайдын жүрүшүндө видеороликте көрсөтүлгөн “эки жылдан бери өлкө жетекчилиги тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу кең-кесири маалыматтарга улай, олуттуу иш-аракеттерибизге учкай токтоло кетейин” деп: “Элдин турмушун жакшыртууга, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ар бир кадам мамлекеттик бюджетке барып такалгандыктан, биз бийликке келгенден тарта өлкө казынасынын каржысын көбөйтүүгө бар күч-аракетибизди жумшап келебиз. Ошондуктан фискалдык саясатты күчөтүп, кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жолун издедик. Жыйынтыгында, 2020-жылдагы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрү 248 миллиард сомду түзсө, 2021-жылдын жыйынтыгында ал эч бир кошумча салык киргизбестен, салыктардын төлөмдөрүн жогорулатпастан, тескерисинче, кээ бир салыктын түрлөрүн жоюп, 313,0 миллиард сомго жетти. Буга чейин айтып келгенибиздей, быйыл бул көрсөткүчтү 400,0 миллиард сомго, кийинки жылы 500,0 миллиард сомдон ашырууну өжөрлүк менен көздөп турабыз. Бул – мурда коррупциялык жолдор менен кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө түшүп турган каражаттарды бюджетке буруу деген сөз. Буюрса, биз бул максатыбызды да жүзөгө ашырабыз” деген эле.
Бул айтылган сөздөр анда бирөөлөргө ишке ашпай турган кыялдай, жомоктой эле сезилген болуу керек. Ал эми турмуш чындыгы башканы көрсөттү. 2024-жылы үчүнчү Элдик Курултайдын делегаттарына кайрылуу жасаган мамлекет башчысы: “Мен сиздерге учурдагы абалды баалоо гана эмес, алдыбыздагы баса турган жолду аныктап, жакынкы келечекте өлкөнү өнүктүрүүнүн эң орчундуу багыттарын белгилеген Кайрылуу менен чыгуудамын.
Башынан эле ачык айта кетейин, биз күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруунун туруктуу багытына түштүк жана андан тайбайбыз. Бүгүнкү кайрылуум ушул багыттагы программалык сөз болмокчу.
Кыргызстан өз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жолунда ишенимдүү баратат. Муну ырааттуу реформалардын жана натыйжалуу башкаруунун жыйынтыктары көрсөтүүдө.
Биз коом менен ачык сүйлөшүү-лөрдүн, өз ара ишенимдердин, тү-шүнүшүүлөрдүн жана колдоолордун негизинде иштеп жатабыз” деп белгилеп келип: “Мамлекетибиздин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда. Алсак, 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд. сомду түзсө, биз быйыл
1,5 триллион сомдук чекке жетүүнү пландап жатабыз. Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйттүк дегенди билдирет.
Албетте, бул чек эмес.
2025-жылы ички дүң продукциянын көлөмү бир триллион сегиз жүз миллиард сомдон ашат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу экономикалык ресурстар үч эсеге көбөйөт дегенди билдирет.
Жылдан жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө. Бюджет 2020-жылы 247 млрд. сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд. сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору. 2025-жылы 700 млрд. сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз” – деп Элдик Курултайда айтылган сөздөр айтылган эле жеринде калбай, кадыресе турмушка ашып жатканына токтолду.
Минтип биринчи Элдик Курултайда илгери үмүт, тилек, каалоо катары гана айтылып, ал эми Элдик Курултайлар аралыгында турмушка ашып, кадимки реалдуулук болуп калган ой-тилектери арбын.
Биринчи Элдик Курултайда: “Бүгүнкү күндө 3 коңшу өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Ал эми коңшу Тажикстан менен чек араны чечүүгө олуттуу киришип, анын ыкчам чечилишине болгон аракетибизди жумшап жатабыз” деген ой тилектер айтылып, “Мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч жараткан соңку окуялар ар бир кыргызстандыкты санаага салып, кабатырлантып келет. Ачыгын айтсак кагылышууларда кан төгүлүп, чек арачылар менен жергиликтүү тургундардын кырчындай өмүрлөрү кыйылган бул каргашалуу окуялардын башкы себеби – чек ара тилкелеринин толук чечилбей, узакка созулуп келишинен болду” деп кабатырланган болсо, үчүнчү Элдик Курултайда Президент: “Көптөгөн жылдар бою ар бир жараныбызды түйшөлткөн, аярлуу жана курч маселелерибиздин бири – өлкөбүздүн чек ара маселеси эле. Биз бүгүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы толугу менен чечилгендигин сыймыктануу менен айта алабыз.
Коңшубуз – Тажикстан Республикасы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды.
Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана бардык тараптан сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бекем берилгендиктин аркасында гана ийгиликтерге жетишилди. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ.
Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматта-
шууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага чектеш жайгашкан аймактарыбызды гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Баарынан да чек арага жакын орун алган мекендештерибиздин коопсуздугу жана ошондой эле келечеги камсыз болду” – деп алдыга коюлган максаттар турмушка ашып жатканын ишенимдүү айтты.
Элдик Курултайлар аралыгында жөн гана кыял, изги тилектен кадыресе турмушка ашкан максаттардын бири – “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору. Эсибизде, биринчи Элдик Курултайда президент: «биз эгемендик алган алгачкы жылдардан бери эле сөз болуп, бирок айрым бир саясий кызыкчылыктардын каршылыгынан улам чечилбей келаткан маселе – деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, мамлекетибизди “туюктагы мамлекет” деген аттан арылтуучу “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу келишими… Бул жол мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине жана сырттан инвестициялардын тартылышына кеңири шарт түзөт” десе, үчүнчү Элдик Курултайдын трибунасынан:
“Кыргызстан өз күчү, талыбаган аракети, ресурстары менен мүм-күнчүлүгү аркылуу сапаттуу өнүгүүгө кадам таштады!
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу” долбоору буга чейин
ондогон жылдар бою текчелерде чаң басып келген. Биз бул долбоорго киришкенибизде ага ишенбегендер, атүгүл бул жолду куруу “жомок” деп шылдыңдап күлгөндөр болду эле. Азыр ал жомок эмес экенине, ишке ашып жаткан кадимки долбоор экенине баарыңыздар күбө болуп жатасыздар.
27-декабрь күнү бул жолдун расмий курулуш иштери башталат. Бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болот. Соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат” — деп кечээги кыялдар бүгүн реалдуулукка айланып жатканын айтып өттү.
Бүгүн улуу кошуна менен байланыш, кызматташтыктар андан да артты. Анын бири катары Кыргызстан менен Кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетинин ачылышын айтсак болот. Президент бул тууралуу үчүнчү Элдик Курултайда: “Бедел” өткөрмө бекетинин ачылышы – өлкөбүздүн транзиттик потенциалын чыңдоодогу маанилүү кадам.
Бул стратегиялык маанидеги объект жүктөрдүн жана жүргүнчүлөрдүн агымын тездетип, бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, негизги өнөк-төштөр менен соода байланыштарды бекемдейт” – “Бедел” биздин дүйнөлүк экономикага интеграцияны жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө прагматикалык мамилени жана Кыргызстанды эл аралык транспорттук хабга айландыруу боюнча кезектеги кадамдарыбызды көрсөтөт” деп белгиледи.
Демек, мындан көрүнгөндөй Элдик Курултайда айтылган сөздөр элдин ишеним-үмүтүнө канат байлап жатат. Андай болгондо, үчүнчү Элдик Курултайдын трибунасынан айтылган:“2026-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда.
Алсак:
– төртүнчү балага –100 миң сом;
– бешинчи балага – 600 миң сом;
– жетинчи балага – 1 миллион сом;
– сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;
– тогузунчу балага –1 миллион 500 миң сом;
– онунчу жана андан көп балага –2 миллион сом берилет.
Мындай көп балалуу болгондорду колдоо – келечекте Кыргыз Республикасынын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелет” – деген мамлекет башчынын сөздөрү эмки жылдан баштап турмушка ашып, мамлекетибиздин бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп калат деп бекем ишене берсек болот.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”


