Башкы беткеМаанилүүКамчыбек Ташиев: "Өлкөнүн бир дагы аймагында жарык өчпөшү керек"

Камчыбек Ташиев: «Өлкөнүн бир дагы аймагында жарык өчпөшү керек»

Нарын облусунда райондук электр тармак ишканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Нарын ПЭСтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрага орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Энергетика министрлигинин орун басары Эмилбек Ысманов жана «Улуттук электр тармактары» ААКсынын башкы директорунун орун басары Искандер Адиев катышты.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат «Улуттук электр тармактары» ААКсынын өз каражатына курулган. Жалпы аянты 919,66 чарчы метрди түзүп, курулуштун сметалык наркы 55,25 миллион сом болгон. Иштер 2025-жылдын май айында башталып, толугу менен аяктаган.

Шаардык мэриянын билдирүүсүндө, бул жаңы объект жүзгө жакын кызматкердин эмгек шартын жакшыртып, облустун тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын арттырары белгиленет. Буга чейин колдонулуп келген имарат 1975-жылы курулуп, учурдагы талаптарга жооп бербей калган.

Сапар учурунда Камчыбек Ташиев кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбеши керектигин баса белгиледи:«Кыш жакындап калды, быйыл суу аз. Ошентсе да өлкөнүн бир дагы аймагында жарык өчпөшү керек. Элге кыйынчылык жаратпоого тийишпиз. Бул — энергетиктерге тапшырма», — деди ал.

Ошондой эле ал өлкөдө электр тармактарын жаңылоо зарылдыгы бышып жетилгенин кошумчалады: «Азыр мүмкүнчүлүк бар — жакшы шарттарды түзүү керек», — деди Ташиев.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар