whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЧет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар үчүн 71 шайлоо тилкеси ачылды

Чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар үчүн 71 шайлоо тилкеси ачылды

Кыргызстандын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында чет мамлекеттерде жашаган жана убактылуу жүргөн жарандар үчүн 71 шайлоо тилкеси түзүлүп, расмий түрдө бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Маалыматка караганда, учурда бардык шайлоо тилкелеринин даректери жана жайгашкан жерлери белгилүү болду. Эми чет өлкөдөгү жарандар өздөрүнө жакын шайлоо тилкесин оңой таба алышат жана анын дареги тууралуу так маалымат ала алышат.

Шайлоо тилкелери төмөнкү өлкөлөрдө уюштурулду:

  • Россия – 22

  • Түркия – 8

  • Казакстан – 2

  • АКШ – 6

  • Корея Республикасы – 3

  • Италия – 2

  • Германия – 2

  • Кытай – 2

  • Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) – 2

Мындан тышкары, төмөнкү өлкөлөрдүн ар биринде бирден шайлоо тилкеси ачылган:
Сауд Аравиясы, Австрия, Чехия, Словакия, Өзбекстан, Улуу Британия, Беларусь, Венгрия, Бельгия, Франция, Кувейт, Япония, Катар, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Швейцария, Малайзия, Пакистан, Индия, Иран жана Монголия.

БШК билдиргендей, өлкөлөрдүн жана шаарлардын толук тизмеси атайын онлайн шилтемеде жарыяланган. Ал аркылуу жарандар өз өлкөсүн тандап, шайлоо тилкесинин так дарегин жана жайгашкан жерин биле алышат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар