Башкы беткеМаанилүүКыргыз киночулары Пусан эл аралык кинофестивалына катышып келди

Кыргыз киночулары Пусан эл аралык кинофестивалына катышып келди

17–27-сентябрда Кореяда өткөн Азия жана Океания чөлкөмүндөгү эң ири Пусан эл аралык кинофестивалы жыйынтыкталды. Маданият министрлигинен билдиришкендей, фестивалга кыргыз кинематографисттеринин жоон тобу катышып, “Курак” тасмасы эки сыйлыкка ээ болду. Тактап айтсак, “Азиялык көз караш” конкурсунда Эрке Жумакматова жана Эмил Атагелдиевдин “Курак” тасмасы “Бангладеш – Июль мемориалдык” жана Ким Жисеок атындагы сыйлыктарга татыды.

Ошондой эле Бишкек эл аралык кинофестивалы Asian Vision конкурсунун расмий өнөктөшү болуп, Кыргызстандын атынан индонезиялык “Кучагында отуруу” фильмин сыйлады. Улан Адамалиев бул тасманы энелердин кайратын чагылдырган терең чыгармасы үчүн жогору баалады. Пусан кинофестивалы — Азия жана дүйнөлүк кинонун тажрыйба алмашуусунун эң ири аянтчасы. Кыргыз киночуларынын катышуусу улуттук кинонун эл аралык абалын чыңдап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар