Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салды

Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизди. Тиешелүү жарлык 2026-жылдын 14-мартында кол коюлуп, ал 31-декабрга чейин күчүндө болот.

Чечимдин негизги максаты — бизнес чөйрөнү колдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын ашыкча кийлигишүүсүн азайтуу.

Мораторийге ылайык, укук коргоо жана башка текшерүү укугу бар мамлекеттик органдар пландуу жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт. Анын ордуна ишкерлерге мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү, кеңеш берүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

Бирок бардык текшерүүлөр толук токтотулган жок. Төмөнкү учурларда текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилет:

  • соттук (жарандык жана кылмыш) иштердин алкагында;
  • ишкерлердин өз арызынын негизинде;
  • чет мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын сурамдары боюнча;
  • жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча;
  • мыйзам бузуу фактылары документтер менен тастыкталганда;
  • бажы көзөмөлү учурунда;
  • салык органдары тарабынан.

Мындан тышкары, текшерүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу органдар да жүргүзө алышы мүмкүн.

Экономика министрлиги ошондой эле ЖМКларда чыккан маалыматтар да мамлекеттик органдардын текшерүү баштоосуна негиз боло аларын сунуштоодо.

Бул кадам ишкерлер үчүн жеңилдик жаратып, экономикалык активдүүлүктү арттырууга багытталганы менен, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн айрым көзөмөл механизмдери сакталат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар