Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

Садыр Жапаров 19-мартта Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн улуттук коопсуздугу, анын ичинде азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери талкууланды.

Ошондой эле кеңештин мүчөлөрү Кыргызстандын стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарын беришти.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, облустардагы өкүлдөргө, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз