Борборубуз Бишкек шаары – кыргыз мамлекетинин жүзү. Эл катары тарых-маданиятыбызга жасаган мамилебиз, экономикалык көрсөткүчтөрүбүз – ушул борборубуздун ар бир көчөсүнөн, булуў-бурчунан байкалып турат. Көчө демекчи, алардын аталышы да жөн жеринен эмес. Ар бир өз тарыхын, маданиятын сыйлаган элде, ошол мамлекеттин өсүп өнүгүүсүнө өчпөс изин калтырган инсандарынын ысмын көчөлөргө ыйгарып келишет. Дүйнөлүк практика ушундай. Биз деле борбордук көчөлөрдөн, шаарыбыздын чет-жакаларына чейин кыргызга кызмат кылган уул-кыздарыбыздын ысмын ыйгарып келебиз.
Өкүнүчтүүсү, ушул көчө аталыштарын кыргызча так, даана жаза албай, ташыркап келе жатканыбызга отуз үч жылдын жүзү болду. Бул аралыкта “кыргыз тили” деп кыйкырган үнүбүз да басаўдай элек. Эске салсак, борбордук жана негизги көчөлөргө Ж.Абдыракманов, Байтик баатыр, Шабдан баатыр, К.Тыныстанов, С.Ибраимов ж.б. инсандардын ысмын ушул эгемендиктен кийин ыйгарганбыз. Ошол учурда көчө аталыштарын кыргызча эмес, орусча жазгыла деп үстүбүздөн камчы кезеп турган эч ким жок эле.
Жыйынтыгы эмне болду? Бир эле мисал келтирейин. Редакцияга жакын Касым Тыныстанов атындагы көчө бар. Көчөнүн аталышы сүрөттөгүдөй “Тыныстанова -249” деп орусча жазылган. Кур дегенде “ул.Тыныстанова-249” десе, орусча жазылып калыптыр деп коёт элек. А бул жерде “Тыныстанова -249” деп турса, түздөн түз эле “Тыныстанова” деген аялдын атындагы көчө турбайбы деп ойлоп калуулары мүмкүн билбегендер. Ошону менен кайран Касым Тыныстановду кантип аял кылып койгонубузду байкабай калганбыз.
Дагы бир мисал келтирсем, Бишкекте союз мезгилинен бери келе жаткан “Киргизская” деген көчө бар. Өткөндө автобуста баратып көрүп калдым, ушул көчөнү кыргызча кылалы дешкенби, кыйраткансып “Кыргызская көчөсү” деп да жазып коюшуптур. Капырай, анча оўдогон кийин “Кыргыз көчөсү” деп жазып коюшса болбойт беле.
Бишкекте көчө аталыштары боюнча мындай жанды күйгүзгөн мисалдар, жүздөп саналат. Негизи көчөнүн аттары тегин жеринен коюла койбойт. Мамлекеттик мекемелердин уруксаты, чечими менен коюлат. Анан мамлекеттик мекемелердин элегинен өтүп жаткандан кийин, ошол мекемелерде “бул эмне деп жазганыўар дегенге жарачу” бир сабаттуу бирөө жок беле деген да ойго алдырасыў.
Ушундан улам, биздин сунушубуз, көчө аталыштарыбы, көрнөк-жарнактарбы борбордогу төрт райондун же болбосо Бишкек мэриясынын “атайын тил адистери иштеген, тиешелүү бөлүмүнүн кароосунан, жактыруусунан өткөндөн кийин гана көчөлөргө коюлат” дегендей система уюштуруп койсо, баары жөнгө салынат эле.
Белгилей кетсем, кайсы бир көчөнүн аталышын оўдоп чыгуу, же жаўы көчө аталышы болсо аны жасатып, көчөлөргө тагып чыгуу чоў чыгымды талап кылат. Ошондуктан, борбордогу акимияттардын, мэриянын алдында көчө аталыштары, көрнөк-жарнактардын мазмуну боюнча тиешелүү структураларды түзүп чыгуу учур талабы болуп саналат жана келечекте “туура эмес жазып, жасатып алып, аны кайра оўдогон сыяктуу” көптөгөн чыгымдардын алдын алууга өбөлгө түзөт.
Ошол эле мезгилде бул структуралар, же орусча эмес, же кыргызча эмес “Токтогула көчөсү”, “Кыргызская көчөсү” өўдүү көчө аталыштарын, дароо болбосо дагы, каражатка жараша системалуу алмаштырып чыгуу милдетин аткара алышмак. Бир сөз менен көчө аталыштарына карата бүгүнкү мамилебиз – бул борбор шаарыбызга, анын имиджине, ошол эле учурда көчөлөргө ысымдары коюлган улуу инсандарыбызга, эне тилибизге болгон кайдыгер мамилебизди
көрсөтүп турат.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


