Башынан жекшемби күндөрүн мүмкүн болушунча туура пайдаланганды жактырам. Бул жолу үй-бүлөм менен Кыргыз улуттук тарых музейине барып, тарых менен жүздөшүп келдик. Максатым жөн эле убакыт коротуу эмес, өзүм дагы жаңы маалыматтарды алып, балдарыма да мамлекетибиздин тарыхын, элибиздин башынан өткөргөн окуяларын чагылдырган буюмдарды көрсөтүү эле. Бизге окшоп келгендердин саны көп экен. Октябрь айы музейге кирүү акысыз болгондуктан, күнүнө орто эсеп менен 7–10 миңге чейин адам келип жатыптыр, ал эми акылуу учурда алардын саны 300-400дү гана түзгөнүн музейдин кызматкерлери айтышты. Бул да болсо, жарандарыбыздын тарыхка болгон кызыгуусунун артып жатканын айгинелейт десек болот. Бирок, өкүнүчтүүсү кишинин көптүгүнөнбү музейдин кызматкерлери экспонаттар же андагы буюм-теримдер тууралуу келгендерге айтып, көрсөтө алышпай жатканы болду.

Бул күндөрү элибиздин сыймыгы болгон Улуттук тарых музейи 100 жылдык мааракесин белгилөөдө. Кыргызга кылымдан бери кызмат кылып келе жаткан музей 1925-жылы негизделип, 1933-жылга дейре Кыргызстандын Борбордук музейи деп аталган. Кийин 1933-1943-ж.ж. Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи болгон. 1943-1954 — ж.ж. Улуттук маданият музейи, 1954-жылы Мамлекеттик тарых музейи болуп өзгөртүлгөн.

2021-жылы гана музейге “улуттук” макам берилип, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи болуп кайра түзүлгөн.  Азыркы учурда музейдин фондунда музейдик маанидеги 90 миңден ашык буюм бар, анын ичинен 44 миңи негизги фондунун эстеликтери болуп саналат. Археологиялык жана этнографиялык коллекция-
лары, советтик жана көз карандысыз Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшү, экономикасынын өнүгүшү жана жетишкендиктери, илими жана маданияты жөнүндө баяндаган материалдар Улуттук тарых музейинин сыймыгы болуп саналат.

2016-жылдан бери музей германиялык компания тарабынан реконструкцияланып, 2021-жылдын 20-ноябрынан баштап көрүүчүлөрдү расмий түрдө кабыл ала баштады.

Үчүнчү кабатта таш доорунан XVI кылымдын башына чейинки Кыргызстандын тарыхын камтыган, байыркы жана орто кылымдардагы экспозициялар жайгашкан. Мында таш куралдары, Саймалуу-Таш капчыгайынан тартылган сүрөттөр, коло доорундагы (б.з.ч. II миң жылдыктын бүтүшү) уникалдуу казыналар, керамика буюмдары, курал-жарактар, ат жабдыктары жана көчмөн элдердин цивилизациясына таандык буюм-теримдер, көркөм искусстволору коюлган.

Музейдеги Улуу көч мезгилиндеги (б.3.ч. II-V кк.) көчмөн урууларынын бай коллекциялары келгендерди таң калтырбай койбойт, алардын арасында Чүй өрөөнүнүн Шамшы көрүстөнүнөн жана Красный строитель коргонунан, Алайдын Жалпак-Дөбө көрүстөнүнөн ж.б. жерлерден табылган алтындан көркөмдөлүп жасалган буюмдар бар.

Түрк каганаттары дооруна (VI-XII кк.) таандык байыркы түрк балбалдары, Таластан табылган таштагы руникалык жазуулар, курал-жарактар, керамикадан, айнектен, металлдан жасалган буюмдар, көп сандаган тыйын казыналары, ташка жазылган араб жазуулары топтолгон. Бул экспозицияларды монгол дооруна (XIII-XV кк.) тиешелүү буюмдар жана «Кыргызстандагы Улуу Жибек жолунун эстеликтери» толуктап турат.

Төртүнчү кабатта этнографиялык бай коллекциялар жайгаштырылган. Алардын арасында (XIX кылымдын аягы ХХ кылымдын башында) кыргыз чеберлеринин колдору менен кийизден, жүндөн, чийден, жыгачтан жасалган буюмдар, кыргыздын салттуу саймачылык, өрмөчүлүк өнөрүнө таандык буюмдар, улуттук кийимдер, аялдардын буюм-жасалгалары, мончок, сөйкө-шакектери, жогорку көркөмдүктө жасалган ат жабдыктары бар. Ушул эле жерге Кыргызстандын XVI кылымдын аягындагы ХХ кылымдын башындагы саясый тарыхын, социалдык-экономикалык абалын, маданиятын чагылдырган экспозициялык материалдар коюлган.

Бешинчи кабатта Кыргыз Республикасынын совет жана көз карандысыз мезгилиндеги тарыхы боюнча экспонаттар коюлган. Жарандык жана Улуу Ата Мекендик согуш мезгилин чагылдырган реликвиялар, мамлекеттик курулушун, экономикадагы, илим-маданияттагы өнүгүүсүн жана жетишкендиктерин чагылдырган материалдар музейдин сыймыгы болуп саналат. Ошондой эле республиканын чыгаан адамдары, алардын буюмдары, документтери, сыйлыктары, куралдардын коллекциялары, чет өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасына берген белектери чоң кызыгууну пайда кылат.

Ушундай, жүз миңдеген баалуу жана уникалдуу музей коллекцияларын кароо, аларды асыроо, миңдеген жылдар бою сактап, урпактарга калтыруу чоң жоопкерчилик, милдет. Айта кетүүчү ой: музейдеги экспонаттардын жана андагы коюлган буюмдардын санын дагы өстүрүп, улуу инсандарыбызга таандык болгон тарыхый жеке буюмдарды алыскы аймактардан издеп таап, музейди байытсак болчудай.

Ошону менен мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун демилгесине ылайык, октябрь айында Кыргызстандагы бардык музейлерге кирүү акысыз болду. Андыктан, бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып музейдеги экспонаттарды көрүүгө ашыккандар көп. Мектеп окуучуларынан тартып, студенттер, үй-бүлөлөр жана туристтер үчүн музейлер ачык билим жана маданият борборуна айланды. Көрүүчүлөрдүн көптүгү бул тарыхка кайрылуу, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана келечек муунга маданий мурас-тын маанисин түшүндүрүү деп баалай алабыз.

Музейге болгон сапардын алкагында, мен жана менин балдарымын аң-сезимине, алардын тарыхка болгон мамилесине жана атуул катары кыргыз элине болгон мамилелерин, негизгиси патриоттук сезимдерди арттыра алды дегим келет. Мындай ой менин эле эмес, жалпы көрөрмандардын баарында болгонуна ишене аламын. Демек, Кыргыз улуттук тарых музейи бүгүн улуттун эс тутуму, маданият менен тарыхтын жандуу сабагы болуп саналат. Ар бир экспонат кыргыз элинин көп кылымдык тарыхынын күбөсү. Андыктан аларга этияттык менен мамиле кылып жана жыл сайын октябрь айын музейлерге акысыз кирүү айы катары салтка айлантсак деген ойду айткым келет.

Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз