whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров:"Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоого артыкчылык берилиши керек"

Садыр Жапаров:»Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоого артыкчылык берилиши керек»

Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоого артыкчылык берилиши керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 24-октябрда “Ынтымак Ордодо” өткөн Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, пилоттук долбоорлорду баштоо, жасалма интеллект жана блокчейн технологиялары жаатында кадрларды даярдоо, коопсуздук стандарттарын бекемдөө жана тобокелдиктерди башкаруу маанилүү экенин белгиледи.

“Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо негизги артыкчылык болушу керектигин өзгөчө белгилегим келет. Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды даярдоого тийишпиз. Ошондой эле инновациялар ачык-айкындуулук, так эрежелер жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү маанилүү. Ушул факторлордун айкалышы гана — адамдык потенциал, натыйжалуу жөнгө салуу жана технологиялык база — санариптик экосистеманын туруктуулугун жана жарандардын, бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин камсыздай алат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле кеңештин алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилгенин айтты. Анын ишине дүйнөлүк деңгээлдеги кесипкөйлөрдүн, анын ичинде Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу Кыргызстанга мыкты жөнгө салуучу жана технологиялык тажрыйбаларды алуу мүмкүнчүлүгүн ачарын кошумчалады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар