whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
18.2 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү24-март окуясынан тарыхый сабак алдыкпы?

24-март окуясынан тарыхый сабак алдыкпы?

Кыргыз тарыхына «Жоогазын ыңкылабы» деген аталыш менен кирген 24-март окуясына быйыл 20 жыл болду. Бул күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы чыгышкан. Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу Президентти бийликтен кетүүгө аргасыз кылышкан.

Элдин бийликке каршы чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр себеп болгон. Атап айтканда, бардык бийлик бутактарынын президенттин колуна топтолушу, өлкөнүн экономика, финансы жана жер-суу ресурстарына үй-бүлөлүк монополиянын орношу, президенттин үй-бүлөсүнүн жана дос-тамырларынын кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу, чек ара маселеси такталбастан, коңшу өлкөлөргө бериле башташы коомчулуктун кыжырын келтирген. Март окуясынын башталышына айрыкча 2005-жылы 27-февралдагы Жогорку Кеңешке шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин шайлоодон эч негизсиз четтетилиши катуу нааразылык жаратып, элдик толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген. Натыйжада, өлкөнүн бардык облустарында, шаарларында митингдер өтүп, 2005-жылдын 24-мартында Бишкекте митингчилер Ак үйдү басып алган. 24-марттан 25-мартка караган түнү Бишкекте башаламандык башталып, борбордук көчөлөрдөгү көптөгөн супермаркет, дүкөн ж. б. мекемелер таланып-тонолгон.

Бул дата демократияга жол салган революция деп сыпатталганы менен, өлкө бийлиги ошол кездеги талаптардын өтөсүнө чыга албаганы айтылып жүрөт. 24-марттагы бийлик алмашуу революциябы же төңкөрүшпү деген талаш-тартышка азыр да чекит коюла элек.

Өз учурунда бул окуяга кандай баа берилди экен деген ойдо, ушул эле “Кыргыз Туусунун” 25-28-мартындагы санын барактап көргөнүбүздө “Улут келечегин ойлойлу” деген элди ынтымакка чакырган кичинекей макала басылып, гезиттин калган беттери “Николай Валуев”, “Женнифер Лопес” тууралуу материалдар, телепрограммалар, рекламалар менен толтурулган. Көрүнүп тургандай, болуп өткөн окуянын келип чыгыш себептерин ачып берип, ага баа берүү аракети дээрлик болгон эмес.

Ошону менен 24-март 2008-жылдан тарта Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2010-жылы кайрадан бийлик алмашып, 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. Жалал-Абаддын борбордук аянтында 24-марттын урматына орнотулган «Эркиндик» монументи четке жылдырылган. 2016-жылы бул дата «Эскерүү күнү» деп бекитилген.

Өскөн ОСМОНОВ, тарых илимдеринин доктору, профессор:

“Элдик революциялар эми максатына жетет деген ишеним чоң”

2005- жана 2010-жылдары болуп өткөн саясий окуялар боюнча бир катар илимий практикалык конференциялар болуп өтүп, бул окуялардын объективдүү жана субъективдүү себептери кеңири талданган. Конференцияларда кабыл алынган резолюцияларда бул окуяларга «элдик революциялар» деген аныктама берилген. Ушуга ылайык биз окуу китептерине да элдик революциялар катары бааладык. Эки революция тең максатына жетпей калган, ошондуктан, саясий бийлик алмашып жатты.

«2020-жылы келген бийлик революцияга мүнөздүү чоң, сапаттуу секирик жасай баштады» деп жазып, окутуп жатабыз. Элдик революциялар эми максатына жетет деген ишенимибиз чоң.

Аида НАДЫРБЕКОВА, эркин журналист:

“Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн чоң үлгүсү”

24-март – бул мамлекетти менчигиндей көрүп, өзүм каалагандай жашайм, өзүм каалагандай бийлик жүргүзөм деген үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн чоң үлгүсү.

Эгер Аскар Акаев үй-бүлөсүн мамлекеттик иштерге, болгондо да мамлекеттин саясий, экономикалык, каржылык иштерине аралаштырбаганда, ач көздүк менен үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланам дебегенде жана балдарын парламентке депутат кылам деп жулунбаганда, балким, 24-марттагы төңкөрүш болмок эмес. Ооба, СССР кулап, бардык өлкөлөр башы маң болуп турган мезгилде өлкөнү башкаруу оңой болгон жок. Эгемен өлкө болдук, өз валютабызды кабыл алып, өзүбүздүн тирлигибизди жүргүзүп кеттик. Деген менен эл жумушсуз калып, завод, фабрикалар тонолуп, кыз-келиндер, энелер чаар баштык көтөрүп, жан багуу үчүн кайда гана кетпеди. Эл ошентип кыйналып атканда бир үй-бүлө хандык доорду сүрдү. Ушунун баары элди кыжырдантты. Буга кошумча болуп тыштан каржыланган ар кандай уюмдар, саясий күчтөр, жеке кызыкчылыкты көздөгөн айрым саясатчылар элдин кыжырдануусунан пайдаланып алар дагы 24-марттагы төңкөрүштүн болушун шарттады. Буга кошумча, Аксы окуясы. Бийлик элге каршы ок атты. Бейкүнөө балдар өлдү. Ошентип, бүтүндөй жети облус көтөрүлүп, чогулуп, борборубуз Бишкек шаарына туш-тушунан агылып келди. Аскар Акаев өлкөнү таштай качты. Ак үй талкаланып, таланып, тонолуп, шаар ичиндеги бир топ дүкөндөр дагы жабыр тартты. Эл деген эл экен да.

Бир нерсени баса белгилеп айткым келет, морадерлук, талап-тоноо болсо дагы ошондогу кыргыз элинин ынтымагы, күчү, духу бүтүндөй дүйнөнү
суктандырды.

Эмилбек КАПТАГАЕВ, коомдук ишмер:

“Элдин келечек тагдыры бардыгынан жогору болушу шарт”

2002-жылдагы Аксыдагы трагедия,  2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция, анан 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революция  биздин элибиздин адилеттүүлүккө, эркиндикке жана демократиялык баалуулуктар үчүн болгон күрөшүндөгү үч белес катары сүрөттөлүп келгенин коомчулук жакшы билет.

Андан кийин 2020-жылдын октябрь окуялары болуп, бийлик дагы бир жолу  аянтка чыккан элдин күчү менен алмашты. Айтылгандарга кайрылсак, элдик кыймылдын төртүнчү белеси дагы пайда болду. Мына ушул төрт  орчундуу окуя  бир эле перманенттүү  кыймылдын төрт учуру, ал кыймыл дагы да токтой элек, алдыда дагы канча белес ашууга туура келе тургандыгын азырынча эч ким боолголоп айта албайт. Аксы окуяларынан сабак албагандан улам 2005-жылдагы март окуялары болуп кетти, ошол эле март окуяларынан сабак ала  албагандыгыбыздан  2010-жылдагы апрель окуялары болуп кетти, ал эми 2020-жылдагы октябрь окуялары Апрель революциясынан туура жыйынтык чыкпагандан улам болду.  Бул чындыкты эч ким жок дей албайт.

Мисалы, Аксы окуясынын чыгышына  Үзөңгү-Кууш темасы жана Бекназаровдун камалышы түрткүнчөк гана болгон. Элдин толкуп чыгуусунун башкы себеби, Акаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн элди кыжырлата турган мыйзамдан тышкаркы иш-аракеттери, бийликти жеке кызыкчылыкка пайдалануу, бийлик түзүмдөрүндөгү, айрыкча сот системасындагы адилетсиздик эле.  Өлкөдө мыйзамдуу жол менен  акыйкаттыкка жетүү мүмкүн болбой калган. Натыйжада, элдин келечектен үмүтү үзүлгөн, көчөгө чыгууга аргасыз болуп калган.

Бүгүнкү күнү ушул себептерден толук кутулдук деп айта алабызбы?  Менимче эч ким так кесе жооп бере албайт. Бирок, бүгүнкү күнү эл ичинде кандайдыр бир деңгээлде келечектен үмүт сакталып турат. Мындан 20 жыл мурда болгон Март революциясынын, 15 жыл мурда болгон Апрель революциясынын, 5 жыл мурда болгон Октябрь окуяларынын  башкы сабагы мына ушунда – элдин пикири, элдин кызыкчылыктары, элдин келечек тагдыры бардыгынан жогору коюлуп, ички жана тышкы саясат мына ошого байлануусу шарт. Кандайдыр бир башка кызыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн элди кысып, басып, күч менен кармап туруу мүмкүн эмес. Нааразычылыктардан улам жаралган терс энергия акыры барып жарылууга алып келет.

Революция күнү төрөлгөн Арлен

Улан уулу Арлен 2005-жылдын 24-мартында төрөлгөн. Тагыраак айтканда, Арлен кыргыз эли Ала-Тоо аянтында адилетсиздик, калыстык үчүн күрөшүп, биримдик өкүм сүргөн жерде өнүгүү болорун жар салып турган учурда, жарык дүйнөгө келген.

“Ата-энем, жакындарым: “Өлкөдө окуя, чоң бурулуш болгон учурда төрөлгөнсүң”,-деп айтып калышат. Кыргызстанда ошол кезде болгон ар кандай окуялар тууралуу ЖМКлар аркылуу билем. Мен деле ар бир Кыргызстандын жараны катары, мекенибизде өсүү болгонун каалайм. Мен өнүккөн өлкөдө жашагым келет!” –  дейт ал.

Ооба, андан бери 20 жыл өттү. Бир муун калыптанды. Арлен айткандай, элдин өнүккөн өлкөдө бактылуу жашоого үмүтү зор. Өлкөбүздүн өнүгүү жолуна түшкөнү элдин ишенимин бекемдөөдө.

Даярдаган Анара Арзыбай кызы, “Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар