Кечээ Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы административдик имараты ачылды.
Жаңы офисте 175 адис үчүн иш орундары, конференц-зал, эс алуу бөлмөлөрү, ашкана, гигиеналык жайлар, намазкана жана стол тенниси үчүн зал, айтор кызматкерлер жана кардарлар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Кыргызстанда санариптик кызматтар активдүү өнүгүп жатат, бул жарандарга бир топ убакытты жана каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мамлекет башчысына учурда “Кызмат” мекемеси тарабынан жарандар үчүн санариптик кызматтарды кеңейтүүгө жана жакшыртууга багытталган чаралардын комплекси көрүлүп жаткандыгы маалымдалды. “Түндүк” тиркемесинде ID-картага онлайн арыз берүү, санарип документтер, жашаган жери боюнча каттоо, ошондой эле мүлктү камсыздандыруу боюнча кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымдагандай, жаңы онлайн-сервистерди киргизүү, киберкоопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процесстерин оптималдаштыруу жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн кыйла ыңгайлуу, ачык-айкын жана оперативдүү кылууга багытталган. Элдин экономикалык активдүүлүгү өсүүдө. Айрыкча кыймылсыз мүлктөр менен операциялардын саны арбып турган кези. Учурда Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде кезекте турган жарандардын саны да, убаракерчилиги да көп. Ошол кезектерди жок кылуу боюнча Президенттин тапшырмасына ылайык, эми жарандар үчүн үйдү сатуу же сатып алуу процесстерин электрондук түрдө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров онлайн-кызматтардын спектрин кеңейтүү жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча чараларды күчөтүү боюнча ишти улантууну тапшырды, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жана жарандардын суроо-талаптарына ыкчам жооп кайтаруу зарылдыгын баса белгиледи.

