Башкы беткеМаанилүү“Майлуу-Суу лампа заводунун” ишмердүүлүгү талкууланды

“Майлуу-Суу лампа заводунун” ишмердүүлүгү талкууланды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Майлуу-Суу лампа заводу” ААКсынын ишмердүүлүгү жана аны өнүктүрүү маселелерин талкуулаган кеңешме өткөрдү.

Жыйында өндүрүштүк процесстин азыркы абалы, жабдууларды жаңылоо, продукциянын түрүн жана көлөмүн көбөйтүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү маселелери каралды.

Касымалиев заводду өлкөнүн социалдык маанилүү өндүрүш объектилеринин бири катары атап, 1000ден ашуун жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылып жатканын белгиледи. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана туруктуу ишин камсыз кылууга багытталган тапшырмалар берилди.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар