whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
36.2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБайсалов: “Билим берүүдө ар бир бала үчүн тең мүмкүнчүлүк — адилеттүү коомдун...

Байсалов: “Билим берүүдө ар бир бала үчүн тең мүмкүнчүлүк — адилеттүү коомдун негизи”

26-майда Эдиль Байсалов Бишкектеги көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жана азиз балдарга арналган жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернаттагы “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.

Ал бүтүрүүчүлөргө, мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылып, алардын эмгегине, чыдамкайлыгына жана өжөрлүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал инклюзивдик билим берүүнүн адилеттүү коомду куруудагы жана ар бир бала үчүн тең мүмкүнчүлүк жаратуудагы маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Бүгүн өлкөнүн бардык булуң-бурчунда акыркы коңгуроо жаңырып жатат. Бул миңдеген үй-бүлөлөр үчүн маанилүү жана толкундуу учур. Бирок бул жерде — күн сайын кыйынчылыктарды жеңип жаткан балдардын арасында — бул учур өзгөчө мааниге ээ. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана келечегиңиздерге ишенебиз!» — деди Байсалов.

Тактап кетсек, быйыл өлкө боюнча 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар