5-март Кыргыз элинин бүт тарыхын чагылдырган өзгөчө күн

0
11664

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 5-мартта, кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийим күнү менен куттуктады.

Куттуктоодо мамлекеттик катчы бул майрам кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын даңазалаган өзгөчө күн экенин белгиледи.

Анын айтымында, ак калпак жөн гана баш кийим эмес, ал кыргыз элинин тарыхый эс тутумун, ар-намысын жана тазалыгын чагылдырган ыйык символ болуп эсептелет. Кылымдарды аралап келген бул баш кийим улуттук биримдиктин жана каада-салттардын ажырагыс бөлүгүнө айланып калган.

Ошондой эле ал улуттук кийим элдин жүзүн, маданиятын жана дүйнө таанымын чагылдырган баалуулук экенин баса белгиледи. Улуттук кийимдеги ар бир оюм жана ар бир деталь көчмөн цивилизациянын эстетикасын, жаратылыш менен адамдын айкалышын жана терең философиялык маани камтыганын айтты.

Куттуктоодо глобалдашуу доорунда улуттук өзгөчөлүктү сактоо мамлекеттик көз карандысыздыкты жана руханий эркиндикти сактоо менен тең мааниге ээ экени белгиленди. Муну менен катар улуттук баалуулуктарды, каада-салттарды, эне тилди жана маданий мурастарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү ар бир жарандын милдети экени айтылды.

Мамлекеттик катчы жаш муундун улуттук аң-сезимин бекемдөө мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү экенин белгилеп, ак калпак Ала-Тоонун бийиктигин, улуулугун жана элдин жан дүйнөсүнүн тазалыгын символдоштурарын кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Арслан Койчиев кыргызстандыктарды майрам менен куттуктап, өлкөдө тынчтык, биримдик жана ынтымак өкүм сүрүшүн каалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз