Башкы беткеРубрикаларАймактарКамчыбек Ташиев: «Головнойдогу 4 метр жер үчүн 750 гектар жер алдык»

Камчыбек Ташиев: «Головнойдогу 4 метр жер үчүн 750 гектар жер алдык»

Бүгүн, 19-марттагы Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев келип, кыргыз-тажик арасы боюнча маалымат берди.

«Головной бизде калат деп айттык. Себеби, Головнойду биздин мамлекет курган экен. Бирок эки тарап пайдаланып келген. 50 пайызга жетпегенин тажиктер, 20 пайызын өзбектер, 30 пайызын биз колдонуп келген экенбиз. Суунун көпчүлүк бөлүгүн алар колдонуп келген экен. Анткени ал жерде кыргыздар аз. Бизде 250-300 миң киши бар, аларда 3 миллионго жетип калды. Ошол үчүн аз колдонуп келгенбиз. Биз жөн эле бөлбөйбүз дедик. Ошол сууну алар пайдаланып жатат. Себеби, өкмөттөр аралык келишим бар. Сууну бере албай коё албайбыз, Кудайдын суусу. Бизден ашканды алар пайдаланат. Мен 4 метр жерди бериш үчүн миң гектар жер сурадым. Ошондо булар башын кармады. Ызы-чуу болуп, 2-3 жолу протоколго кол коюлбай калган учур болду. 4 метр жер үчүн 750 гектар жер алдык. Суу мурдагыдай эле болот. Чек ара сызыгы ортосунан өтөт», — деди төрага.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар