Биздин коом кайсы бир окуяга карата утурумдук мамиле кылууну адатка айлантты. Мындайды флешмоб деп коет. Флешмоб англис тилинен алынып, flash mob flash – дүрт этүү, көз ирмем, mob топтошкон эл дегенди туюндурат. Мында адамдар кайсы бир жайда коомчулук күтпөгөн жагдайда чогулушат да, өздөрү пландаган окуяны өткөрө салышып, дароо тарап кетишет. Мындай акциянын катышуучуларын мобберлер деп коет.
Коомду дүрбөлөңгө салып, кийин унутулган учурлар
Эмне үчүн флешмоб коом болдук деп жатабыз, анткени коомдогу окуяга учурунда баарыбыз жапатырмак көңүл бурабыз. Бирок, дагы бир актуалдуу маселе чыкканда биринчисин дароо унутуп калабыз.
Эсиңиздерде болсо, 2023-жылы Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринин тургуну “Ичерге тамак жок болгондуктан, иттин этин жегенге аргасызбыз”, – деп журналисттерге айтып чыккан. Бул окуя социалдык түйүндөрдө, коомдо кызуу талкууга түшүп, өлкөнүн аттуу-баштуу инсандары, колунда барлар азык-түлүк, кийим кече жагынан бир айдай активдүү жардам беришкен. Кийин бул үй-бүлөнүн абалы эмне болду эч кимге белгисиз.
Ош облусунун Кара-Суу районунда 2016-жылы базарда картон кагазда уктап жаткан 3 жаштагы баланын окуясы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевге чейин жеткен. Сүрөт интернетке тараган соң, өкмөт, жергиликтүү бийлик, депутаттар чурулдап, жардам беримиш болушкан. Кызуу PR акцияларын уюштурушкан. Президенттин тапшырмасы менен 3 бөлмөлүү батир белекке берилген соң, балдарын таштап кеткен “күкүк ата” кайрадан пайда болуп, жарашууну сунуштаган. Наристенин апасы Зульфия Усенова “Оор кырдаалда кабар албаган адам менен мындан ары элдеше албайм” – деген журналисттерге. Коомчулук, министрлик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуяны ошондо эле унуткан болуш керек.
2018-жылы 22 жаштагы жоокер Руслан Сапарбаев трансформаторго кирип, (айрым маалыматтарда жетекчиликтин тапшырмасы менен) токко урунуп эки колунан ажыраган. Башкы штаб акчалай жардам көрсөткөн. Бирок, кырсыктын болуусуна жоокердин өзүн күнөөлөшкөн. Бул окуяга байланыштуу аскер бөлүктүн 2 кызматкери шарттуу түрдө эркинен ажыратылган. Бирок, алар Майлуу-Суу шаардык сотунун чечимине макул болбой, облустук сотко кайрылышкан. Учурунда укук коргоочулар резонанс кылып чыккан бул окуя дагы унутулду.
Андан сырткары жашоо шартым начар деп кайрылган адамдарга дагы жардамдар берилип, кийин алардын тагдыры унутулган учурлар көп эле кездешет.
Кырсыкты болтурбай коюунун жолу барбы?
FLY JUMP экстремалдык секирүүчү жайынан 2024-жылдын июль айында аркандын үзүлүп кеткенинен улам бир адам каза болгон. Ал жердин жетекчиси кармалып, камакка алынган болчу. Бирок, тараптардын элдешүүсүнөн улам кылмыш ошол жылдын август айында эле кыскартылганы маалым болду. Бул жерде адам өмүрүн алган кырсык шалаакылыктан эле келип чыкты. Бийиктиктен секирүүдө аркандын бекемдиги, кырчылып калбаганы дайыма көзөмөлдөнүп турушу керек эле да. Бирок, ал жердин адистери өз учурунда текшербеген же көңүл бурган эмес.
Аттракционго байланыштуу дагы бир кырсык 31-март күнү Панфилов паркында болду. Анда иштеп жаткан аттракциондон 19 жаштагы кыз кулап кетти. Бактыга жараша ал аман калды, бирок, ден соолугуна оор залал келди. Кырсык катталгандан кийин калаа бийлиги реакция жасап, парктагы аттракциондорду толугу менен убактылуу жапты. FLY JUMP экстремалдык жайында кырсык болгондон кийин бардык аттракциондор дароо көзөмөлгө алынган эмес. Негизи бизде кырсык болгондон кийин чара көрүү адатка айланганы өкүнүчтүү.
Дагы бир мисал, жыл сайын табигый кырсыктар болот, сел жүрүп карапайым калк жабыркайт. Мал жандыктарды, унааларды, айдоо жерлерди сел алып кетет. Табигый кырсык жыл сайын эле боло турган нерсе, демек мунун алдын алуу бийликтин милдети болчу. 2024-жылдын 9 айында 331 жолу сел жүргөн. Андан 5354 үй жабыр тарткан. Демек, ªКМ, жана жергиликтүү бийлик алдын алуу иштерин жакшы жүргүзгөндө мынча көп үй жабыркабайт болчу.
Аткарылбаган буйруктар
Билим берүү министрлиги быйыл акыркы коңгуроо майрамы 26-майда белгилене турганын айтты. Министрлик тараткан маалыматта майрамдык кече үчүн акча чогултууга, андан сырткары бүтүрүүчүлөр үчүн кечелерди өткөрүүгө болбой турганы, бул үчүн жоопкерчилик мектеп директорлорунда экени айтылды. Анткен менен министрликтин бул буйругу кагаз жүзүндө калып кете турганы жашыруун эмес.
Жыл сайын эле бүтүрүүчүлөр кымбат унааларды жалдап алып шаарларды айланышат, тоого эс алууга чыгышат, же кафе-ресторандарда майрамдык кече уюштурушат. Ага ата энелер бери дегенде эле 5000 сомдон акча чогултушат. Кээ бир үй-бүлөлөрдө акчанын жоктугунан уруш-талаштар да чыгат. Анысы го мейли, эптеп акча таап беришсин, бирок, балдар унаа кырсыгына кабылып, ден соолугуна залака кетип, айрым учурда адам өлүмү менен коштолот. ªкүнүчтүүсү, бүтүрүү кечелеринде өлкө боюнча алганда бүтүрүүчү кыздардын классташтары тарабынан зордукталганы катталган да учурлар бар. Мунун баарына Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктары толук кандуу аткарылбай, кагаз жүзүндө калып кетиши себеп болот. Бул ойлоно турган маселе.
Акыркы коңгуроо күнү атасынын же жакындарынын унаасын айдоочулук күбөлүгү жок айдаган балдар-кыздар да кездешет. Ооба, күч органдары ал күндөрү жакшы эле аракеттерди көрүп келишет, бирок, кеп мындай көрүнүштүн жыл сайын кайталанганында, андан сабак албаганыбызда болуп жатпайбы.
Жыйынтык: флешмоб коомдун кесепети арбын
Бүгүнкү болгон окуяны бүгүн талкуулап, эртең унуткан жаман адат. Окуяга утурумдук мамиле кылуу, анын алдын алууга аракеттин жоктугу, акыры кырсыктуу кесепетке алып келерин унутпайлы.
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”