whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеАналитикаТарых жаратып жана тагдырды өзгөрткөн Баш мыйзам

Тарых жаратып жана тагдырды өзгөрткөн Баш мыйзам

Конституция – укукту пайдалануу жана  мамлекеттин мыйзам чыгаруу ишмердигинин негизги юридикалык базасы катары адамзат коомунун өнүгүшүнө өзүнүн кайталангыс таасирин  тийгизип, мамлекеттин жана коомдун түзүлүшүнүн негиздерин, жарандын ал-абалын укуктук жактан жөнгө салуу менен эң жогорку мааниге ээ болгон саясий, идеологиялык, укуктук документ.

Конституциянын тарыхына кайрылсак, мындай түшүнүк орто кылымда Байыркы Рим императорлорунун айрым актыларында колдонулган, бирок маани маңызы жана формасы жагынан укуктук акт боло алган эмес. Королдук жана феодалдык зомбулуктарды чектөө үчүн коомдун белгилүү бир өнүгүү этаптарында Конституция өзгөчө документ катары пайда болгон.

Дүйнөлүк алкактан алып караганда, конституциялык өнүгүү көп өлкөлөрдө өзүнүн кайталангыс жолу менен жүргөн жана аны кабыл алуу адатта атайы түзүлгөн конституциялык уюмдаштыруу жыйыны тарабынан же түздөн-түз элдик добуш берүү менен ишке ашырылып келген.

Конституция формасы боюнча жазылган жана жазылбаган болуп эки түргө бөлүнгөн ченемдик укуктук акт. Биринчи жазылган Конституция 1787-жылы АКШда кабыл алынган, соңунда Швеция, Испания, Франция, Россия, биздин өлкөнү кошуп алганда бардык постсоветтик мамлекеттер ж.б. Ал эми Конституциянын жазылбаган экинчи же болбосо Конституциясы жок өлкөлөргө – Улуу  Британия, Жаңы Зеландия, Израиль, Ватикан, Сан-Марино, Канада жана Сауд Аравия  б.а. конституциялык ченемдер ар башка жана айрым учурда көп сандаган мыйзам актыларында камтылат. Мусулман мамлекеттеринде чыныгы Конституция деп Куран эсептелет, бардык мыйзамдар Куранга шайкеш келүүгө тийиш.

Конституция убактылуу жана туруктуу деп да экиге бөлүнөт. Убактылуу Конституция өткөөл мезгилде иштелип чыгып, бийликти уюштуруу жөнүндөгү негизги жоболорду чагылдырат, кээде туруктуу Конституция менен алмашылат (ТАР, Польша, Альбания). Туруктуу Конституция кыска мөөнөткө иштеп калышы да мүмкүн (Венесуэла).

Быйыл 5-майда эгемен Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынганынын 32 жылдыгын белгилейбиз. Бул күн баарыбыз жана ар бирибиз үчүн өзгөчө күн. Анткени Кыргызстандын ар бир жараны Баш мыйзамдын маанисин, анын духун түшүнүү менен, коомдун турмушундагы Баш мыйзамдын ролу, орду жана мааниси жөнүндө жаңы ойлорго жетеленет деп ойлойбуз.

Жаңы доордогу жаңы Кыргызстанды  жаратыш үчүн  өткөн чакты белгилөөсүз мүмкүн эмес. Кыргыз мамлекети да соңку жүз жылдык  тарыхында  жалпы дүйнөлүк конституциялык өнүгүү тарыхынан анча деле көп айырмаланбаган Конституциялык өнүгүү жолун басып өткөндүгүн бүгүнкү кыргыз улуттук юридикалык илими тастыктап келет.

Совет мезгилиндеги 70 жыл ичинде кыргыз элинин 1) Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн автономия формасында таанылган 1929-жылы кабыл алынган Конституциясы. 2) Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн союздук формада таанылган 1937-жылы кабыл алынган Конституциясы. 3). Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын өнүккөн социализмдин курулушун бекемдеген 1978-жылы кабыл алынган Конституциясы болгон. Аталган Конституциялар кыргыз эли үчүн, мамлекетибиздин өсүп өнүгүүсү үчүн кандай баш мызам болгондугу, албетте өзүнчө кенен сөз болууну талап кылат.

Ал эми легендарлуу парламент тарабынан 1993-жылы 5-майда кабыл алган көз карандысыз кыргыз мамлекетинин Конституциясы эгемендүү мамлекеттин биринчи Конституциясы, анын негизги миссиясы – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндө Декларациясында  каралган суверендүү мамлекетти орнотуу. өлкөнүн Баш мыйзамы катары ал дүйнөнүн саясий картасында көз карандысыз кыргыз мамлекетинин пайда болушун расмий жол-жоболоштурду.

Соңку жаңы тарыхыбызда  ата мекендик конституциялык процесс өзүнүн өнүгүү жолуна түшүп, негизги мыйзам мамлекеттик түзүлүштүн фомасын жана азыркы конституционализмдин негизги принциптерин – бийликтин бөлүштүрүлүшүн, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнүн, элдик бийликтин жана демократиянын, укук менен мыйзамдын үстөмдүгүнүн, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары сактоо принциби жарыяланган, коомдун ачыктыгын жана инсандын кол тийбестигин, баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдейлигин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалыгы бекемделген.

Эң башкысы, Конституцияда, Кыргызстандын экономикасынын жаңы рыноктук ыңгайга өтүшүнүн саясий-укуктук, социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталган. Учурунда пландуу экономикадан рыноктук экономикага өтүү өтө оор жана татаал болгон. Өлкөдө экономикалык туруктуулукту жана өнүгүүнү камсыз кылууда,  саясий тутумун бекемдөөдө,  демократиялык укуктарды жана эркиндиктерди сактоодо чоң көйгөйлөр жаралып келген.

Ошентип, эгемендүү мамлекеттин алгачкы Конституциясы кабыл алынган 32 жылда ар кандай себептерден улам 10 жолу (!) олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Бирок, көпчүлүк учурда Конституция-нын ар бир жаңы редакциясында тигил же бул даражада эгемендүү мамлекеттин өнүгүүсүнүн кезектеги этабы, анын бардык өйдө-ылдыйлары кошо чагылдырылып келди. Ал эми бүгүнкү күндө тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө кыргыз коомунун келечектеги өнүгүүсүнүн эң ылайыктуу жолун издөө улантылып, жаңы геосаясий шарттарда туруктуу жана натыйжалуу мамлекеттик жана экономикалык түзүлүштү камсыз кылуу механизмдери талкууланууда.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктап жатып: “Конституция – мамлекеттик жана жарандык биримдикти символдоштурган өзгөчө баалуулук. Бул баалуулукту барктай да, баалай да билүүгө тийишпиз. Баш мыйзамыбыздын ченемдерин кыйшаюсуз аткарууну сүйүктүү Мекенибиздин туруктуу өнүгүүсүнүн кепили катары кабылдашыбыз абзел. Биздин негизги милдетибиз Конституцияда камтылган баалуулуктарды карманып, анын ченемдерин бекем сактап, өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү болуп саналат” – деп баса белгилеген. Мамлекет башчыбыздын бүгүнкү күндө Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү, элибиздин бакубат жашоосу үчүн ички жана тышкы саясатты аныктоосу, өнөр жай, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, инвестиция тартуу, инновациялык технологияларды киргизүү боюнча масштабдуу стратегиялык программалары жана концепциялары, мыйзам актылар, мамлекеттик органдардын иш жүзүндөгү ишмердиги Конституцияга шайкеш болуу менен иш жүзүнө ашырылууда.

Конституциянын эң башкы критерийи анын жогорку юридикалык күчкө ээлиги, тикелей колдоно тургандыгы, өзгөчө белги катары мүнөздөлөт. Конституцияга шайкеш келбеген мыйзам актылары аракеттенбей турган жана укук бузуучу органдардын аракети деп каралышы керек. Анткени Баш мыйзам жарандардын ар бир күндүк жашоо-сунун укуктук негизи. 32 жылдык мааракени утурлай көптөгөн окумуштуулардын, эксперттердин, аналитиктердин жана жарандык активисттердин эгемендик учурдагы конституциялык курулуштан топтогон тажрыйбасын пайдалануу менен мамлекеттик жана коомдук түзүлүштүн тигил же бул актуалдуу маселелерин талкуулоого жана чечүүгө арналган иш-чараларга кеңири тартуу менен Конституциялык ченемдердин маңызы жөнүндө калктын кеңири катмарынын маалымдуулугун жогорулатуу өтө зарыл.

Конституциянын негизги жоболорун карапайым жарандардын гана эмес, аны маалымдама катары жетекчиликке алууга милдеттүү болгон саясатчылардын, чиновниктердин да билбестиги жалпы сабатсыздыктын чыныгы көйгөйүнө айланууда. Көптөгөн орто жана кенже мамлекеттик кызматкерлер Конституциянын максаттары жана негизги милдеттери жөнүндө өтө бүдөмүк түшүнүккө ээ болуп, беренелерде адашып, аларды туура эмес чечмелешсе,  айрымдарынын такыр маалыматы жок.

Мамлекеттик кызматка келген ар бир жаран үчүн, өзгөчө Президенттин Админис­трациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын жана башка мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн Конституцияны билүү үчүн милдеттүү экзаменди киргизүү чиновниктер менен саясатчылардын арасындагы массалык сабатсыздыктын ажырымын жоюуга, эл менен бийликтин ортосундагы аралыкты жакындатканга да чоң жардам бермек. Мындай кадам коомдогу укуктук нигилизмге жол бербөө үчүн жарандар менен өз ара мамилелердин өзгөчө тутумун куруу үчүн дагы зарыл.

Конституциялык документтер жана алар жөнүндө маалыматтар бардык жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын алыскы аймактарында жашагандарга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу да өтө маанилүү. Андыктан ушул эле багытта Юстиция министрлиги заманбап технологиялардын жардамы менен – Интернет жана мобилдик тиркемелерди кеңири колдонуп виртуалдык “Конституция музейин” түзүү жана 3D форматында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ролун жана маанисин чагылдырган видео тасмаларды, хроникаларды, фото сүрөттөрдү, документтерди көрсөтүүнү маанилүү деп эсептейм.

Мындан тышкары, ант берүү аземин  өткөрүүдө Конституциянын маанилүүлүгүнө терең көңүл буруу маанилүү негизги жагдай. Бул өлкөнүн президенти үчүн гана эмес, мамлекеттик кызматкерлер жана ошондой эле  саясий ишмерлер жана соттор үчүн да маанилүү. Мындай ант берүү аземи Конституцияны урматтоого жана анын элдин алдында маанилүүлүгүн бекемдөөгө жардам берет, ошондой эле конституциялык укуктар жана эркиндиктер, милдеттер жөнүндө калктын укуктук жактан маалымдуулугун көтөрүү үчүн дагы кошумча курал катары колдонулушу мүмкүн.

Ошентип, калктын конституциялык сабаттуулугун жогорулатуу демократиялык институттарды бекемдөөдөгү жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Бул билим берүү мекемелери, мамлекеттик органдар жана жалпы коомчулук тарабынан олуттуу күч-аракетти талап кылат, жаңы тарыхта конституциялык реформа маселеси жана аны жүзөгө ашыруунун жолдору биздин өлкөнүн коомдук-саясый турмушунда өтө манилүү, өзгөртүлгөн баш мыйзамдардын бир дагы версиясы толук өлчөмдө жүзөгө ашырылбай, колдонуудагы айрым мыйзамдар ага ылайык өзгөрбөй же жаңыланбай келүүдө.

Кыргыз эли азыркы  мезгилде   ар кандай окуяларды баштан кечирип, жаңы Кыргызстандагы демократиянын, социалдык, экономикалык өнүгүүнүн, мамлекеттик идеологиянын жаңы нукта калыптанышына, ошондой эле  көз карандысыз мамлекет жылдарында пайда болгон ички жана сырткы саясатта толгон-токой көйгөйдү жараткан маселелер кайрадан алдыңкы планга чыккандыгына күбө болуудабыз.

Демек, жаңы Конституция экономикада, илимде, билим берүүдө, маданиятта жаңы тартиптин пайда болушуна көмөк көрсөтүп, эң башкысы – Кыргызстандын элинин жашоо-турмушун чыңдап, жакшырышы үчүн бекем пайдубал түптөй турган, глобалдык  трансформация доорунда өз миссиясын мыкты аткарган Конституция катары тарыхта калат деген ой тилегибиз, ишенимибиз бар.

Чолпонкул АРАБАЕВ, УИАнын вице-президенти, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар