Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭдил Байсалов Кыргызстан демократиялык туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтты

Эдил Байсалов Кыргызстан демократиялык туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтты

26-июнда Чолпон-Атада өтүп жаткан «Ысык-Көл шайлоо форумунда» Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда демократиялык туруктуу өнүгүү болуп жатканын айтты.

«Кыргызстан демократиялык туруктуу өнүгүү жолуна түштү. Шайлоолор таза өтүп жатканын эл аралык уюмдар да айтып жатышат. Садыр Жапаров да таза атаандаштык менен өткөн шайлоодо жеңип келди.

4 жыл ичинде өлкөнүн кирешеси 3 эсе жогорулады. Экономиканын көлөмү жогорулады. Кыргызстан учурда өнүгүп баратат, жолдор, ооруканалар, ишканалар, ипотекалык үйлөр салынууда.

Шайлоо системасында дагы бир топ өзгөрүүлөр бар. Мына жакында эле партиялык, пропорцияналдык шайлоо системасынан баш тартып, көп мандаттуу шайлоо системасына өттүк. Бүгүнкү форумда цифровизация, жеке маалыматтарды коргоо, сырткы коркунучтардан коргоо, жаштарды шайлоого активдүү катышууга тартуу өңдүү маселелерди талкуулайбыз», — деди Э. Байсалов.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар