Кобленц шаарындагы аскердик техника музейи коопсуздук талаптарына байланыштуу айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн кирүүгө убактылуу чектөө киргизди.
Музейдин маалыматына ылайык, бул чечим Германияда адамдардын ишенимдүүлүгүн текшерүүчүмыйзамынын негизинде кабыл алынган. Чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан да кирет.
Тизмеде ошондой эле Ооганстан, Казакстан, Россия, Кытай, Иран жана башка бир катар мамлекеттер бар.
Аталган музей Европадагы эң ири аскердик коллекциялардын бирине ээ. 1982-жылдан бери, экспозиция Кобленцке көчүрүлгөндөн кийин, аны 1 миллиондон ашык адам көргөн.
Музейде Биринчи дүйнөлүк согуштун соңунда иштелип чыккан француздук Renault FT 17 танкы, Leopard 1 негизги танкынын кесиндеги модели, ошондой эле Германия жана НАТО күчтөрүнүн прототип техникалары көрсөтүлгөн.