whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомПрезидент: "Бүгүнкү форум конструктивтүү демилгелердин булагы болот деп үмүт артам"

Президент: «Бүгүнкү форум конструктивтүү демилгелердин булагы болот деп үмүт артам»

Чолпон-Ата шаарында «Шайлоого катышуунун заманбап ыкмалары: теориядан практикага» аталышындагы форум өтүүдө. Президент Садыр Жапаров форумга видео кайрылуу жолдоду.

«Бир катар мамлекеттердин шайлоо органдарынын жана жарандык коомду, эл аралык уюмдарды бириктирген Ысык-Көл шайлоо форуму диалог аянтчасы катарында өз макамын ырастап, салтка айланып баратканы жакшы жөрөлгө. Мына ушундай маанилүү иш-чарага Азербайжан, Армения, Беларусия, Индия, Монголия, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Эстония жана Өзбекстандын шайлоо комиссияларынын төрагалары менен мүчөлөрүн, ошондой эле Молдова менен Грузиянын өкүлдөрүнүн келишине курсан экенимди билдире кетейин.

КМШнын аткаруу комитетинин, парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңешинин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын, Түрк мамлекеттер уюмунун жана парламенттер ассамблеясынын өкүлдөрүн да көрүп жатканыма кубанычтамын.

Быйыл Кыргызстандын ЖККУга жана Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылышы өлкөбүздүн аймактык жана эл аралык аренадагы ордун аныктайт. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү миссиялары шайлоо процессин жакшыртууга салым кошот деп ишенем.

Жогоруда аты аталган өлкөлөрдүн башын бириктирген бул форумдун негизги максаты жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун эң алдыңкы ыкмалары боюнча конструктивтүү жана ачык айрым пикир алышуу алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүү жана сунуштарды иштеп чыгуу экенин жакшы билесиңер.

Кыргыз Республикасы демократиялык принциптерди кармануу менен эл аралык бийик стандарттарга жооп берген эркин жана инклизивдүү шайлоолорду өткөрүүгө ар дайым өзгөчө маани берет. Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо реформасынын алкагында шайлоо мыйзамдары өркүндөтүлүп, санариптик технологиялар активдүү киргизилип, добуштарды сатып алуу жана административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга каршы кескин күрөш жүрдү. Жүргүзүлгөн комплекстүү чаралар шайлоо процессинин толук кандуу, так, мыйзам чегинде өткөрүүгө мүмкүндүк берди.

Коомчулук эл аралык өнөктөштөр менен туруктуу, ачык жана ишенимдүү диалог жүргүзмөйүн шайлоо органдарынын иши натыйжалуу болушу мүмкүн эмес. Мына ушундан улам форумдун ишмердигин арттырууга активдүү катышкан өнөктөштөрүбүзгө, КРдагы БУУнун туруктуу координаторуна, БУУнун өнүктүрүү программасына, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесине, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясына ыраазычылык билдирем.

Урматтуу иш-чаранын катышуучулары бүгүнкү форум жаңы идеялардын келечекке багытталган конструктивтүү демилгелердин булагы болот деп үмүт артам. Касиеттүү Ысык-Көл жээгиндеги биргелешкен ишибиз демократиялык институттарды мындан ары бекемдөөдө жарандардын шайлоо жана шайлануу укуктарын коргоого жана эң башкысы мамлекеттерибиздин өркүндөп өсүшүнө чоң салым кошсун», — деди президент видео кайрылуусунда.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров учурда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Беларусь Республикасында жүрөт. 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар