whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарТүптө мыйзамсыз балык уулагандарга иш козголду

Түптө мыйзамсыз балык уулагандарга иш козголду

Түп районунда мыйзамсыз балык уулагандар аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милиция Күрмөнтү айылындагы төрт тургундун үйүндө тинтүү жүргүзүп, 80ге жакын балык уулоочу тор, 2 моторлуу кайык, мылтык, ок-дары, капкан, балык, икра, эликтин мүйүзү жана башка мыйзамсыз шаймандарды тапты. Аталган буюмдар далил катары алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Белгилей кетсек, 2023-жылы президент Садыр Жапаров ӨКМге көлдүн түбүн тазалоону тапшырган. Ошондон бери суучулдар таштандыларды жана балык уулоо торлорун алып чыгып жатышат.

Бирок жакында президент көлдү күтүүсүз текшерип, абал жакшырбагандыгы үчүн ИИМ менен УКМК жетекчилерин сынга алганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын жоопкерчилиги күчөтүлөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар