whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров: Коопсуздук маселелерин чечүү жамааттык аракеттерди талап кылат

Садыр Жапаров: Коопсуздук маселелерин чечүү жамааттык аракеттерди талап кылат

19-июнда президент Садыр Жапаров Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин жана “Борбор Азия – Россия” форматындагы Коопсуздук кеңештеринин катчылары менен жолугушту.

Мамлекет башчы азыркы эл аралык күн тартиби татаал жана көп кырдуу тенденциялар менен мүнөздөлөрүн баса белгиледи.

Садыр Жапаров күч-аракеттерди координациялоо жөнүндө айтып жатып, терроризм жамааттык аракеттерди жана стандарттуу эмес ыкмаларды талап кылган коркунуч экенин айтты. Ошондой эле экстремисттик идеологиялардын жайылышы, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү менен күрөшүү зарыл экенин кошумчалады.

«Учурдагы кырдаалга кылдат жана сергек баа берүү жана аймактагы туруктуулукту бекемдөөгө багытталган биргелешкен алдын алуу чараларын көрүү маанилүү. Коопсуздук маселелерин натыйжалуу, комплекстүү жана системалуу чечүү биздин өлкөлөрдүн калкынын жашоо сапатынын өсүшүнө оң таасирин тийгизери талашсыз», — деди Садыр Жапаров.

Коопсуздук кеңештеринин катчылары өз кезегинде терроризм, экстремизм жана киберкылмыштуулук сыяктуу замандын коркунучтарына биргелешип каршы туруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Соңунда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңештеринин катчыларына жамааттык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган биргелешкен конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар