Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин Орусиядагы форумдагы билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Темир Сариев өз сөзүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, анда төмөнкүлөрдү айткан:
“Ата Мекендик согушту карасак, панфиловчулар Москваны коргошкон. Иван Панфилов борборазиялык дивизияны түзгөн. Ал тагдыр чечүүчү учур болгон. Ошондон кийин согуш кайра Батыш тарапка жылган. Экинчиден, атайын аскердик операция башталганда, биринчи болуп кол сунуп, коркпостон колдоо көрсөткөн Кыргызстан болду. Бул Орусияны биздин өлкөнү бизнес жана саясатта эң ишенимдүү өнөктөш катары көрүүгө түрттү. Ишеним — өтө сейрек кездешчү нерсе. Биз силер менен биргебиз”.
Бул билдирүүгө жооп катары Эдил Байсалов X социалдык тармагындагы баракчасына кыргыз элинин Орусиянын алдындагы «өзгөчө макамы» Экинчи дүйнөлүк согушка эмес, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Темир Сариевдин убагында Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына байланыштуу» экенин жазды. Уюмга кошулуу “улуттук кызыкчылыктарды коргоого жетиштүү кепилдиктер жок эле шашылыш чечим болгонун” белгиледи.
«Чындыгында, эмгек рыногу бирдей жеткиликтүү эмес (ошол кезде убадаланган биздин мигранттар үчүн “өзгөчө макам”), биздин товарларга да рынок эркин эмес (бүгүн биз “союздаш” Казакстанды айланып, Астрахан аркылуу товар ташууну пландап жатканыбыз акылга сыйгыс). Ошондой эле көптөгөн түз чектөөлөр жана милдеттенмелер бар. Таңкалычтуусу — биз бул союздагы эң жакыр өлкө болсок да, алдыңкы мамлекеттер менен бирдей деңгээлде милдеттенмелерди, мисалы, дары-дармек жүгүртүүсү боюнча талаптарды тез арада өз мойнубузга алганбыз”, — деп жазган Байсалов.