whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкек–Ош жолунда 750 метрлик заманбап туннель курулат

Бишкек–Ош жолунда 750 метрлик заманбап туннель курулат

19-июнда Бишкек–Ош унаажолунун 400-чакырымында узундугу 750 метр болгон жаңы туннелдин курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, JICA уюмунун туруктуу өкүлү Котаро Нишигата, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Министр Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, курулуш иштери Япониянын Takenaka Civil Engineering & Construction компаниясынын катышуусунда, заманбап япон технологиялары менен жүргүзүлөт:

«Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган негизги жолдун басымдуу бөлүгү тоолуу аймактар аркылуу өтөт. Мындан улам министрлик үчүн башкы милдет жол тармагын өнүктүрүү, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.

Белгилүү болгондой, бүгүн курулушу башталып жаткан Бишкек – Ош автожолунун аталган тилкесинде да аскалардан таш кулоо коркунучу жогору. Мындай шартта эң ылайыктуу чечим – туннель куруу болуп эсептелет. Узундугу 750 метр болгон тоннелдин курулушу заманбап япон технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырылганы турат», — деди министр.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы туннель таш кулоо коркунучу жогору болгон тилкелердин биринде курулат. Ал бүтүп ишке берилгенден кийин жолдун коопсуздугу жана кыймылдын үзгүлтүксүздүгү кыйла жогорулайт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар