whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомДанияр Амангельдиев Санкт-Петербургда өнөр жай кызматташтыгын талкуулады

Данияр Амангельдиев Санкт-Петербургда өнөр жай кызматташтыгын талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Петербург эл аралык экономикалык форумуна (ПЭЭФ-2025) катышып, орусиялык өнөктөштөр менен соода-экономикалык кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, Алюминий Ассоциациясынын төрайымы Ирина Казовская жана «РусАл» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Орусиянын аймагында жана анын чегинен тышкары көпүрөлөрдү, жолдорду жана металл конструкцияларды курууда кеңири колдонулган интонациялык алюминий чечимдеринин негизинде ишке ашырылып жаткан долбоорлор тааныштырылды. Ошондой эле алюминий тармагын өнүктүрүүнүн келечегине жана Кыргыз Республикасы менен Алюминий Ассоциациясынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында Ассоциациянын жакынкы аралыкта бизнес миссиясын өткөрүү боюнча макулдашышты.

Ошондой эле Данияр Амангельдиев «Росхим» компаниясынын жетекчилиги, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча башкы директордун орун басары Марина Бортовая менен жолугушту. Анда талкуунун негизги темасы «Росхимдин» Кыргызстандын аймагында химиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусу болду.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын аймагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар